"23- февраль Ата Мекенди коргоо куну" майрамына карата атайын иш- чара
09:36
«23-февраль Ата Мекенди коргоо» күнүнө карата факультетибизде жаштар комитети тарабынан уюштурулган кезектеги иш-чарабыз болуп өттү. Бул иш-чаранын максаты “23-февраль Ата Мекенди коргоо” күнү менен факультетибиз мырзаларын куттуктоо жана мугалимдер жааматына ,студенттерге жакшы маанай тартуулоо , патриоттук сезимдерди кучөтүү болду. Иш-чара жарыш турундо откорулуп ,ага атайын тайпалардан командалар тузулду.
Жалпы 4 команда: “Бирдик”, “Скарпион” , “Бөрү”, “Альфа” командалары биринчилик үчүн ат салышты .
Майрамдык кеченин мазмунунда командалар ,
• Саламдашуу
• Кырдаалдан чыгуу үчүн атайын суроолор
• Кызыктуу оюн
• Өнөрүн болсо, өргө чап
• Кол күрөш
• Гир көтөрүү
• Отжимание жасоо
боюнча бири- бири менен тайлашышты .
Мында командалар өз чеберчилектерин коргозүшүп көрөрмандарга кызыктуу маанай тартуулашты , иш – чарабыз жогорку денгээлде өткөрүлүп . Иш –чара соңунда женүүчүлөр аныкталып, факультетибиз деканы Айдарбеков З.Ш тарабынан жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды .
179 09:36 26-02-2024