Haber

"23- февраль Ата Мекенди коргоо куну" майрамына карата атайын иш- чара

«23-февраль Ата Мекенди коргоо» күнүнө карата факультетибизде жаштар комитети тарабынан уюштурулган кезектеги иш-чарабыз болуп өттү. Бул иш-чаранын максаты “23-февраль Ата Мекенди коргоо” күнү менен факультетибиз мырзаларын куттуктоо жана мугалимдер жааматына ,студенттерге жакшы маанай тартуулоо , патриоттук сезимдерди кучөтүү болду. Иш-чара жарыш турундо откорулуп ,ага атайын тайпалардан командалар тузулду. Жалпы 4 команда: “Бирдик”, “Скарпион” , “Бөрү”, “Альфа” командалары биринчилик үчүн ат салышты . Майрамдык кеченин мазмунунда командалар , • Саламдашуу • Кырдаалдан чыгуу үчүн атайын суроолор • Кызыктуу оюн • Өнөрүн болсо, өргө чап • Кол күрөш • Гир көтөрүү • Отжимание жасоо боюнча бири- бири менен тайлашышты . Мында командалар өз чеберчилектерин коргозүшүп көрөрмандарга кызыктуу маанай тартуулашты , иш – чарабыз жогорку денгээлде өткөрүлүп . Иш –чара соңунда женүүчүлөр аныкталып, факультетибиз деканы Айдарбеков З.Ш тарабынан жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды .
178 09:36 26-02-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|