News

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Фергана мамлекеттик университетинде

Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин зоология жана экология кафедрасынын башчысы, доцент Абдыкааров Абдиманнап Момунович жана химия жана химиялык технология кафедрасынын доценти Кеңешов Бакыт Маматакимович Ош мамлекеттик университетинин жана Фергана мамлекеттик университетинин келишиминин алкагында жана Фергана мамлекеттик университетинин чакыруусу менен 2023-жылдын 22-25 – ноябрь күндөрүндө Фергана мамлекеттик университетине жумуш сапарына барып келишти.

Жумуш сапарынын алкагында Фергана мамлекеттик университетинин биология, химия жана экология багыттарынын студенттерине Ош мамлекеттик университети боюнча маалыматтар берилди, зоология, экология жана химия предметтери боюнча студенттерге сабактар өтүлдү.

Ферагана мамлекеттик университетинин табигый илимдер факультетинин жана Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин кафедраларынын, т.а.:

· ОшМУнун зоология жана экология кафедрасынын башчысы А.М.Абдыкааров менен ФерМУнун зоология жана жалпы биология кафедрасынын башчысы Б.М.Шералиевдин;

· ОшМУнун зоология жана экология кафедрасынын башчысы А.М.Абдыкааров менен ФерМУнун экология кафедрасынын башчысы Ш.Ш.Тургунбаевдин;

· ОшМУнун ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын башчысы Д.А.Эмилбекова менен ФерМУнун ботаника жана биотехнология кафедрасынын башчысы М.Ё. Имамованын;

· ОшМУнун химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын башчысы И.Ж.Полотов менен ФерМУнун химия кафедрасынын башчысы С.А.Маматкулованы;

· ОшМУнун экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын башчысы К.Т.Самиев менен ФерМУнун география кафедрасынын башчысы П.С.Отакуловдун ортосунда окуу жана илимий иштер багыттарында 2 жактуу байланыштарды күчөтүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Жумуш сапарынын алкагында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы “Химиянын жана химиялык өнөр-жайлардын актуалдуу маселелери” аталышындагы эл аралык илимий конференцияга катышышты. Анда ОшМУнун химия жана химиялык технология кафедрасынын доценти Бакыт Маматакимович сөз сүйлөп, 2 университеттин химия багытындагы жетишкендиктерине жана келечектеги пландарына токтолду.

307 08:48 27-11-2023

                 

News

|< 3 4 5 6 7 >|