News

Туризм программасынын студенттери «Келечек» жаш лидерлер мектебине катышышууда

Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан “Келечек” жаш лидерлер мектебине Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин 600200 туризм программасынын 9 студенти (2-курстан 7, 3-курстан 2 студент) катышууда. Студенттер атайын тандоодон өтүшүп, чакыруу алышкан.

2023-жылдын 28-ноябрь күнү КРнын президенти С.Н. Жапаровдун катышуусунда өткөрүлгөн “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумуна катышышты.

Курстун алкагында уюштурулган (29-ноябрь) «Ата Бейит» мемориалдык комплексине жана «Маткасымов» заводуна экскурсияга катышышууда.

Курстун башкы максаты: Жаш лидерлердин мектеби жаш жарандардын кесиптик жана жеке өнүгүүсү үчүн билимдерге, жөндөмдөргө, көндүмдөргө ээ болуунун максаттуу жана пландуу уюштурулган процесси.

Лекциялар ар күнү саат 9.00дөн 17:00гө чейин өткөрүлүүдө. Лекцияларда финансылык сабаттуулук жана КРнын конституциясы жөнүндө кенен маалымат алышмакчы. Иш-чара 1 жумага пландаштырылыган.

329 08:48 29-11-2023

                 

News

|< 3 4 5 6 7 >|