News

ЫЙМАНДА ЧЕЙРЕК ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА НООРУЗ

2023-жылдын 18-мартында Ыйман гимназиясында 3-чейректин жыйынтыгы, жаз майрамы, Нооруз майрамына карата чейректик баракча берүү аземи, улуттук оюндар жарышы, САРМЕРДЕН болуп өттү. Чейрек ичи окууда, маданий иш чараларда, олимпиадаларда, класстар аралык жарыштарда, декадаларда ийгилик жараткан класстарды жана окуучуларды сыйлап, бир жумалык чейректик эс алууга жөнөттүк. Иш чарага жалпы окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Нооруз майрамыңыздар менен жана алдыда келе жаткан Рамазан айыбыз куттуу болсун!
278 11:26 22-03-2023

                 

News

|< 1 >|