ОшМУнун дебат клубдарынын арасында Парламенттик пикир айтыш мелдешинин программасы
23:45
ОшМУнун дебат клубдарынын арасында Парламенттик пикир айтыш мелдешинин программасы
Мелдештин максаты жана милдети:
- студент жаштарды саясий, укуктук жактан тарбиялоо;
- факультеттер арасындагы достук мамилени чыңдоо жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик жаштар саясаттынын өнүгүшүнө салым кошуу;
- студент жаштардын маданий, интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүүгө салым кошуу;
- студенттердин өз оюн ынанымдуу, так, туура, эркин айтууга тарбиялоо;
- жаштарга тиешелүү болгон ар кандай проблемаларды көтөрүп чыгууга, анализ жасоого, чечүүнүн жолдорун издөөгө тарбиялоо.
Парламенттик пикир айтыш мелдешинин болжолдуу темалары:
«Мамлекет – Жаштар - ЖОЖ»
1. Бул палата КР жаштары өлкөнүн экономикасын өнүктүрө алат деп эсептейт;
2. Бул палата КР жаштары мамлекеттин ЖОЖдордун менчиктештирүүсүнө каршы реалдуу кадамдарды жасайт;
3. Бул палата жаштар ЖОЖдордогу паракорлукту (коррупцияны) өздөрү өнүктүрөт деп эсептейт;
4. Бул палата мамлекет жаштардын ар тараптуу өнүгүшү үчүн кам көрөт деп эсептейт;
5. Бул палата өлкөдөгү ЖОЖдорду реформалоону сунуш кылат;
6. Бул палата жаштардын жумушсуздук проблемасын чечүү үчүн мамлекеттик программа иштеп чыгат;
7. Бул палата мамлекеттик жаштар саясатынын приоритетүү багыттарын иштеп чыгат;
8. Бул палата жаштар ЖОЖдордогу бюджеттик ачык айкындуулукту колдойт деп эсептешет;
9. Бул палата жаштар үчүн жаңы кадрдык саясат механизмин иштеп чыгат;
10. Бул палата мамлекет жаштардын жогорку билим алуусу үчүн стандартка төп келген план, программа иштеп чыгат.
Мелдешти өткөрүү тартиби:
**** (бейшемби), (өткөрүү жайы)
Убакыты
Иш чаранын аталышы
Эскертүү
9:00-9:30
Командаларды каттоо
9:30-10:00
Мелдештин ачылышы
10:00-11:00
Командаларды бөлүштүрүү, судьялардын жыйналышы,
1-раунддун темасын жарыялоо жана ага даярдануу
11:00-12:00
1- раунд
12:00-13:00
Түшкү тамактануу
13:00-13:30
2-раунддун темасын жарыялоо жана ага даярдануу
13:30-14:30
2-раунд
14:30-15:00
3-раунддун темасын жарыялоо жана ага даярдануу
15:00-16:00
3- раунд
**** (жума), (өткөрүү жайы)
Убакыты
Иш чаранын аталышы
Эскертүү
9:00-9:30
Командалардын жыйналышы
9:30-10:00
1-4 финалга чыккан командаларды жарыялоо, судьялардын жыйналышы, ¼ финалдын темасын жарыялоо жана ага даярдануу
10:00-11:00
1-4 финал
11:00-12:00
Жарым финалга чыккан командаларды жарыялоо, теманы белгилөө
12:00-13:00
Жарым финал
13:00-13:30
Түшкү тамактануу
13:30-14:30
финалга чыккан командаларды жарыялоо, теманы белгилөө
14:30-15:00
Финал
15:00-16:00
Сыйлыктарды тапшыруу аземи
Катышуучу командалар (мисалы) :
I тайпа
II тайпа
III тайпа
IV тайпа
Математика жана информац-к технология-р факультети
Физика-техника факультети
Медицина факультети
Финансы-юридикалык колледжи
Чет тилдер жана эл аралык мамилелер факультети
Табият таануу жана география факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Бизнес жана менеджмент факультети
Теология факультети
Орус филологиясы факультети
Тарых-юридика факультети
Педагогика жана искусство факультети
Сыйлыктардын аталыштары:
· I даражадагы диплом жана кубок (2 баалуу китеп жана акчалай сыйлык );
· II даражадагы диплом ( 2 баалуу китеп жана акчалай сыйлык );
· III даражадагы диплом (2 китеп жана акчалай сыйлык);
«Эң мыкты спикер» номинациясы (I, II, III орунга кызыктыруучу сыйлыктар);
«Эң мыкты судья» номинациясы (I, II, III орунга кызыктыруучу сыйлыктар);
222 23:45 16-09-2021