Новости

ОшМУнун дебат клубдарынын арасында Парламенттик пикир айтыш мелдешинин программасы

ОшМУнун дебат клубдарынын арасында Парламенттик пикир айтыш мелдешинин программасы Мелдештин максаты жана милдети: - студент жаштарды саясий, укуктук жактан тарбиялоо; - факультеттер арасындагы достук мамилени чыңдоо жана өнүктүрүү; - мамлекеттик жаштар саясаттынын өнүгүшүнө салым кошуу; - студент жаштардын маданий, интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүүгө салым кошуу; - студенттердин өз оюн ынанымдуу, так, туура, эркин айтууга тарбиялоо; - жаштарга тиешелүү болгон ар кандай проблемаларды көтөрүп чыгууга, анализ жасоого, чечүүнүн жолдорун издөөгө тарбиялоо. Парламенттик пикир айтыш мелдешинин болжолдуу темалары: «Мамлекет – Жаштар - ЖОЖ» 1. Бул палата КР жаштары өлкөнүн экономикасын өнүктүрө алат деп эсептейт; 2. Бул палата КР жаштары мамлекеттин ЖОЖдордун менчиктештирүүсүнө каршы реалдуу кадамдарды жасайт; 3. Бул палата жаштар ЖОЖдордогу паракорлукту (коррупцияны) өздөрү өнүктүрөт деп эсептейт; 4. Бул палата мамлекет жаштардын ар тараптуу өнүгүшү үчүн кам көрөт деп эсептейт; 5. Бул палата өлкөдөгү ЖОЖдорду реформалоону сунуш кылат; 6. Бул палата жаштардын жумушсуздук проблемасын чечүү үчүн мамлекеттик программа иштеп чыгат; 7. Бул палата мамлекеттик жаштар саясатынын приоритетүү багыттарын иштеп чыгат; 8. Бул палата жаштар ЖОЖдордогу бюджеттик ачык айкындуулукту колдойт деп эсептешет; 9. Бул палата жаштар үчүн жаңы кадрдык саясат механизмин иштеп чыгат; 10. Бул палата мамлекет жаштардын жогорку билим алуусу үчүн стандартка төп келген план, программа иштеп чыгат. Мелдешти өткөрүү тартиби: **** (бейшемби), (өткөрүү жайы) Убакыты Иш чаранын аталышы Эскертүү 9:00-9:30 Командаларды каттоо 9:30-10:00 Мелдештин ачылышы 10:00-11:00 Командаларды бөлүштүрүү, судьялардын жыйналышы, 1-раунддун темасын жарыялоо жана ага даярдануу 11:00-12:00 1- раунд 12:00-13:00 Түшкү тамактануу 13:00-13:30 2-раунддун темасын жарыялоо жана ага даярдануу 13:30-14:30 2-раунд 14:30-15:00 3-раунддун темасын жарыялоо жана ага даярдануу 15:00-16:00 3- раунд **** (жума), (өткөрүү жайы) Убакыты Иш чаранын аталышы Эскертүү 9:00-9:30 Командалардын жыйналышы 9:30-10:00 1-4 финалга чыккан командаларды жарыялоо, судьялардын жыйналышы, ¼ финалдын темасын жарыялоо жана ага даярдануу 10:00-11:00 1-4 финал 11:00-12:00 Жарым финалга чыккан командаларды жарыялоо, теманы белгилөө 12:00-13:00 Жарым финал 13:00-13:30 Түшкү тамактануу 13:30-14:30 финалга чыккан командаларды жарыялоо, теманы белгилөө 14:30-15:00 Финал 15:00-16:00 Сыйлыктарды тапшыруу аземи Катышуучу командалар (мисалы) : I тайпа II тайпа III тайпа IV тайпа Математика жана информац-к технология-р факультети Физика-техника факультети Медицина факультети Финансы-юридикалык колледжи Чет тилдер жана эл аралык мамилелер факультети Табият таануу жана география факультети Кыргыз филологиясы факультети Бизнес жана менеджмент факультети Теология факультети Орус филологиясы факультети Тарых-юридика факультети Педагогика жана искусство факультети Сыйлыктардын аталыштары: · I даражадагы диплом жана кубок (2 баалуу китеп жана акчалай сыйлык ); · II даражадагы диплом ( 2 баалуу китеп жана акчалай сыйлык ); · III даражадагы диплом (2 китеп жана акчалай сыйлык); «Эң мыкты спикер» номинациясы (I, II, III орунга кызыктыруучу сыйлыктар); «Эң мыкты судья» номинациясы (I, II, III орунга кызыктыруучу сыйлыктар);
221 23:45 16-09-2021

                 

Новости

|< 1 >|