News

27-май Кыргыз Республикасынын Китепканалар күнүнө арналган «Китеп- акыл күзгүсү, китеп – жашоо үлгүсү» аттуу кечеге чакырабыз.

Кече 2015-жылдын 27-майында саат 15-00 ОшМУнун искусство факультетинин концерттик залында болот.
2015-жыл 27-май Кыргызстанда “Китепканалар күнүнө” карата Ош Мамлекеттик Университетинин Илимий китепканасынын “Китеп – акыл үлгүсү, китеп – жашоо күзгүсү” аттуу китепкана жумалыгынын программасы
1. КРнын гимни
2. Китепкана күнүнө арналган салтанатты ачуу: ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, профессор Жумабаева Тасилкан Токтамаматовна.
3. Куттуктоо: ОшМУнун ректору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович
4. Илимий китепкананын тарыхы жөнүндө (слайд): Илимий китепкананын директору Мамбетова Сайраш Сатындиевна
5. “Зирек”балдар бакчасы “Жомокко жаса саякат, аласың андан ырахат”.
6. “Ыйман” лицейи “Боордош элдердин адабиятына саякат”.
а) Китеп жана интернет (диалог)
б) Тамашоу
7. Жеке ыр аткарылат “Барам сага”
8. “Билим” лицейи “Китеп дүйнөсүнө сапар”
а) Китептин арманы
9. 2012-2014-жылдарда өткөрүлгөн “Мыкты автор” жана “Мыкты окурман” сынагынын жеңүүчүлөрү куттукташат.
10. Финансы-юридикалык колледжи “Китепти ачсаң, дүйнөнү ачасың”
а) Көркөм окуу
б) Кыргыз бийи
в) Тамашоу
11. Медициналык колледж “Эне тили – улутубуздун улуу мурасы” а) Бий “Кара жорго” б) Жекече ыр “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”
12. Магистрлер ой бөлүшөт.
13. “Кызыктуу китепканалар” (слайд)
14. Жеке ыр
15. Мыктыларды сыйлоо
16. Жыйынтыктоо



6195 10:35 25-05-2015

                 

News

|< 5 6 7 8 9 >|