News

27-май Кыргызстанда “Китепканалар күнүнө” карата Ош Мамлекеттик Университетинин Илимий китепканасынын “Китеп – акыл үлгүсү, китеп – жашоо күзгүсү” аттуу китепкана жумалы жыйынтыкталды.

ОшМУнун Искусство факультетинин концерттик залында 2015-жыл 27-май Кыргызстанда “Китепканалар күнүнө” карата Ош Мамлекеттик Университетинин Илимий китепканасынын “Китеп – акыл үлгүсү, китеп – жашоо күзгүсү” аттуу китепкана жумалыгынын жыйнтыктоо кечеси болуду. Кечеге ОшМУнун илимий иштер боюнча пррекотру, профессор Т.Т. Жумабаева, финансы - юридикалык колледжинин директору Т.Акматова, Ыйман лицейинин директору Абдулкадир Балл, теология факультетинин деканы жана орун басары, искусство факультетинин деканы,ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы, мугалимдер, студенттер жана китепканачылар катышышты.
Теология факультетинин китепканасына Туркия Дианет Вакфы тарабынан 300 даана китеп жана 10 миң даана электрондук китеп белекке бергендиги үчүн Теология факультетинин деканын орун басары Ферхат Гөкчеге ОшМунун ректору тарабынан берилген "Ыраазычылык катын" ОшМУнун илимий иштер боюнча прорекотру, профессор Т.Жумабаева тапшырды.
Китепкана жумалыгында мыктылар аныкталып, ОшМУнун ректорунун 26.05.2015-жыл №381 буйругунун негизинде дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

5446 10:56 28-05-2015

                 

News

|< 5 6 7 8 9 >|