News

«Экология» предмети боюнча Ыссык-Көл биосфералык коругуна уюштурулган окуу-талаа практикасы 2020-2021

Табият таануу жана география факультетинин зоология жана экология кафедрасынын доценти С.Абжамиловдун жетекчилиги алдында 2020-2021 – окуу жылынын 24-29 – май күндөрүндө 550100 Табигый илимий билим берүү багытынын “биология” профилинин 3-курсунун БК(б)-1-18 тайпасынын студенттеринин «Экология» предмети боюнча Ыссык-Көл биосфералык коругуна уюштурулган окуу-талаа практикасы боюнча

отчет

Табият таануу жана география факультетинин 550100 Табигый илимий билим берүү багытынын “биология” профилинин окуу планына жана 2018-жылдын 20-аперилндеги №1514-0/21 20.04.21 жана 1310-ФХД/21 22.04.21 буйруктарына ылайык 550100 Табигый илимий билим берүү багытынын “биология” профилинин 3-курсунун БК(б)-1-18 тайпасынын студенттеринин 2020-2021 – окуу жылынын 24-26 - май күндөрүндө Ыссык-Көл биосфералык коругуна «Экология» предмети боюнча окуу-талаа практикасында болушту.

1. 24.05.2021. Эрте мененки саат 04.00 дө Ош шарынан Чолпон-Ата шаарын көздөй жөнөдүк. Студенттер кичи автобуска отуруунун алдында коопсуздук техникасы менен таанышышты.

Жолдо баратып студенттер С.Абжамилов жана А.Абдыкааров тарабынан түрдүү экосистемалар тааныштырылды. Алар: Ноокен районундагы адырлуу-талаалар, Шамалды-Сайдагы эгин аянттары, Таш-Көмүр суу сактагычы. Токтогул суу сактагычы, аскалуу зоолор, альпы шалбаасы, субальпы шалбаасы ж.б. Чычкан капчыгайындагы токойлор, Суусамыр өрөөнүндөгү субальпы шалбаалары, альпы зонасы жөнүндө маалыматтар берилди.

Чүй өрөөнүнүн өзгөчөлүгү анализденип, анын көпчүлүк аймактарынын саздуу келгендиги белгеленди. Саздуу аймактардагы биоартүрдүүлүк изилдөөгө алынды.

Бишкек шаарындагы аллеялар, башка маданий ландшафттар тааныштырылды.

2. 25.05.2021. Чолпон-Ата шаарына келип жайгаштык. Андан ары Ыссык-Көлдүн түндүк тарабына мониторинг уюштуруп, анын жээгин таштандылардан арылтуу максатында иш-чаралар уюштурулду. Суунун жетишсиздигенен түштүк жээгиндеги кургап калган дарактар анализденди.

Ал эми Ыссык-Көл облусундагы аймактардын чөлдүү келип, ксерофиттик өсүмдүктөр жана ксерофилдик жаныбарлардын кездешээри аныкталды.

Канаттуулардын ичинен синантроптук түр болуп саналган чаар карганын аябай көптүгү жана анын мааниси аныкталды.

3. 26.05.2018. Бул күнкү маршрут көчмөндөр оюуну өткөрүлгөн Кырчын жайлоосуна багытталды. Кырчын жайлоосунун батыш тарабында карагай токойлору басымдуулук кылгандыгы белгилүү болду.

Кырчын жайлоосунун батыш тарабы

Кырчын жайлоосунда жергиликтүү калк жана бүркүтчүлөр менен пикир алышуу болуп, жаныбарлар дүйнөсү боюнча маалымат алдык. Ак-Суу аркылуу Чолпон-Ата жолуна кайра чыктык.

4. 27.05.2021. 27-май күнкү маршрут Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордого” музейине жана Аврора пансионатына арналды. Рух Ордодо студенттер тарыхый эстеликтер, түрдүү сүрөттөр, жаратылыштык кооздугу ж.б. менен таанышышты.

Аврора пансионатындагы жасалма экосистемалардын кооздугу жана укмуш дизайны менен тааныштырылды.

5. 28.05.2021. Бул күнкү маршрут Жети-Өгүз районуна багытталып, ага жеткенге чейин Ыссык-Көлдүн түштүк жагынын өзгөчөлүгү анализдөөгө алынды. Төмөнкү бөлүгүнө караганда көлдүн жогорку бөлүгүндө биоартүрдүүлүк бай экендиги аныкталды. Бул нымдуулуктун жетиштүүлүгүнө байланыштуу болуп

саналат. Бул маршрут боюнча изилденген аймактын өсүмдүктөрү жана жаныбарлары изилдөөгө алынды. Абдыккаров А. тарабынан жолуккан канаттуулар тааныштырылып жатты.

Жети-Өгүз эс алуу борборунун түштүк-батыш тарабындагы каргайлуу токойлордун өзгөчөлүгү (абдан жыш өскөндүгү) аныкталды. Түндүк тарабындагы жети тоонун натыйжасында Жети-Өгүз деп аталышы талкууга алынды.

Андан ары Жараланган-Жүрөк тоосунун аталышы талкууланып, анын этегинде түштөнүү болду. Жети-Өгүздө түнөдүк.

Жети-Өгүз, Санатория 28.05.2021

6. 29.05.2020. Бул күнү саат 9.00 дө Бишкек шаарынан Ош шаарына Ысык-Көлдүн түштүк тарабы аркылуу жол алдык. Жол катары экосистемалардын өзгөчөлүктөрү анализденди. Ташкул Керексизовдун эмгеги аркылуу жаралган “Аалам Ордо” менен тааныштырдык. Кырк чоронун 40 үйү, Каныкейдин темирден жасалган эстелиги, Саякбай Каралаевдин сүрөтү жана тоо башындагы эстелиги менен тааныштырылды.

Бишкек шаарындагы эс алуучу жайдын абалы талкууланып, шаардагы антропогендик факторлор анализденди. Аянтчадагы эгилген гүлдөрдүн кооздугу баарыбызды суктандырды.

164 17:17 02-06-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 >|