News

Тазалык акциясы

Ош Мамлекеттик Университетинин табият таануу жана география факультетинин 1-2- курсунун студенттери менен биргеликте Кыргызстандын актуалдуу экологиялык көйгөйлөрү дисциплинасынын алкагында студенттер тарабынан тазалык акциясы уюштурулду. Акциянын жүрүшүндө Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан, шаардын символу болгон, ошол эле учурда Дүйнөлүк мурас катары эсептелинген Сулайман-Тоонун айланасын таштандылардан тазалашты. Таштандынын көпчүлүк бөлүгүн пластик, ише бөтөлкөлөр, полиэтилен пакеттери, сел саяктардын турмуш-тиричилик буюмдары ээледи. Таштанды гана тазаланбастан, тоого эс алууга чыккан шаардын жашоочулары жана меймандарына тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кантсе да, акцияга катышкан ар бир студент өз өлкөсүнүн экологиялык абалына кайдыгер карабастан, аз да болсо өз салымын кошту.
260 17:20 07-12-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 >|