News

“Түштүк Кыргызстандын жана Ош шаарынын экологиялык проблемаларына жана Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына” арналган студенттик конференция

2023 жылдын 14 - апрель күнү ОшМУнун Юридика факультетинде Т үштүк Кыргызстандын жана Ош шаарынын экологиялык проблемаларына жана Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына” арналган студенттик конференция ТТАТФнин зоология жана экология кафедрасынын улук окутуучусу Айдаралиев Эгемназар Калбиевич тарабынан өткөрүлдү.

Конференцияда Ч.Айтматовдун 95-жылдыгына,чыгармачылыгына арналган докладды ф.и.д.,профессор Г.Ж.Жамгырчиева жасады.Ал Ч.Айтматовдун чыгармаларында экологиялык проблемалар көп көтөрүлгөндүгүн белгиледи.Мисал катары “Ак кеме” повестине жана киносуна анализ берди.

Түштүк Кыргызстандагы,Ош шаарындагы экологиялык проблемалар боюнча ага окутуучу Айдаралиев Э.К. маалымат берди.

Студенттерден төмөнкү докладдар айтылды:

- Малабаева Аяна гр:юр(б)-1-22 ”Ош шаарындагы экологиялык проблемалар”

- Жакыпжанова Албина гр:юр(б)-3-22 “Түштүк Кыргызстандын атайын коргоого алынган аймактар”

- Таалайбек уулу Марлен гр: юр(б)-5-22 Ч.Айтматовдун чыгармаларында экологиялык проблемалар көрсөтүлүшү

- Абидинова Сезим юр(б)-6-22 “Кыргызстандын Кызыл китебиндеги өсүмдүктөр,жаныбарларга “кыскача мүнөздөмө.

- Байкабылова Бегимай юр(б)-1-22 Ч.Айтматовдун экологиялык темадагы публисцистикалык макалары.

Жыйынтыгында : декан,проф.,Г.А.Кулдышева Юрфактагы конференция туралуу төмөнкүдөй ой пикирин айта кетти:Биздин агайыбыз Айдаралиев Э.К.көп эмгектенгени көрүнүп турат.Төмөнкү студенттер деканаттын Ардак Грамотасы менен сыйланды:

- Абидинова Сезим

-Таалайбеков Марлен

-Капарова Сауле

-Алмасбек уулу Адилет

-Малабаева Аяна

-Тургунбаев Акмырза

-Досова Клара

223 08:30 26-04-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 >|