News

Илимий-теориялык семинар

2023-жылдын 17-ноябрь күнү табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин зоология жана экология кафедрасынын кезектеги илимий-теориялык семинары болуп өттү. Илимий-теориялык семинар «Студенттердин эл аралык тилектештигинин күнүнө» арналып уюштурулган. Семинарга кафедранын бардык окутуучулук-профессордук курамы, аспиранттары, магистранттары, 550 100 ТИББ (биология) жана 520 200 биология адистиктеринде билим алып жаткан 1-4-курстардын студенттери катышты. Семинарда кафедрада эмгектенип жаткан 3 окутуучу өздөрүнүн кызыктуу илимий-популярдуу баяндамаларын жасашты (фото). Семинардын соңунда бардык катышуучулар кызыккан суроолоруна жоопторду алышты жана кийинки семинарларды мындан да кененирээк масштабда өткөрүү жагы каралды.

317 11:28 20-11-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 >|