News

Факультетте "Ата-энелер күнү" өткөрүлдү

Бүгүн, 16-ноябрда факультетте "Ата-энелер күнү" өткөрүлдү. Орто кесиптик адистиктерине тапшырган студенттердин ата-энелери факультетке келип, сабактарга катышып, билим берүү процессине байкоо жүргүзүү, окутуучулар, тайпалардын кураторлору менен жолугушуп, алар менен маселелерди талкулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Факультеттин Чоң залында жалпы ата-энелер менен жыйын өткөрүлдү. Факультеттин деканы, х.и.к., доцент Мамытов Т.А. ата-энелерге кайрылып, факультетте окуп жаткан студенттеринин саны, жетишкендиктери, иштеп жаткан мыкты окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, ички жана тышкы мобилдүүлүк жөнүндө кеңири маалымат берди. Ошону менен бирге ата-энелерге келип катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алар тарабынан студенттерге көбүрөөк көзөмөл жүргүзүүнү суранды. "Колдонмо геодезия", "Ветеринария" жана "Туризм" адистиктери боюнча программа жетекчилери презентацияларын көрсөтүшүп, кесиптер жөнүндө айтып беришти. Жыйын студенттер тарабынан уюшулган концерт менен аяктады.
1387 16:41 16-11-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 >|