News

Мобилдүүлүк программасы алкагында лекция өтүү

ОшМУнун ТТГФнин доценти, г.и.к. Сатыбалдиев Б.С., 2018-жылдын 26-ноябрында мобилдүүлүк программасы боюнча ОшМУнун делегациясынын курамында, Андижан МУнин география адистигиндеги студенттерине геоморфология, ландшафт таануу предметтери боюнча лекция өтүп келди. ОшМУдан барган делегацияны Андижан МУ ректораттын тышкы байланыштар боюнча өкүлү тосуп алды. АнМУнун окуу корпустары менен тааныштырып, студенттер, “География” кафедрасынын окутуучулары менен жолугушуулар болду. “Фергана өрөөнүн жана аны курчап турган тоолорунун геоморфологиялык жана ландшафттык өзгөчөлүктөрү” темасында лекция 3-курстун студенттерине өткөрүлдү. Делегация мүчөлөрү Андижан университетинин репрессия курмандыктарына арналган музейи менен таанышышты. Жыйынтыгында, эки тараптын катышуусу менен өз ара тажрыйба алмашуу, окуу талаа практикаларын өткөрүү боюнча пландар түзүлдү.
1339 17:10 28-11-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 >|