Haber

Келдибай Алымкуловдун 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

2023-жылдын 12-13-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Келдибай Алымкуловдун 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илимий форумдун алкагында ОшМУда профессор Алымкуловдун илимий борбору ачылды. Конференцияга Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан белгилүү окумуштуулар катышты. Илимий форумга Испаниянын, Чехиянын, Германиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн математиктери онлайн түрдө катышып, докладдарын жасашты. ИСП кафедрасынын да окутуучулары илимий докладдарын жасашты.
161 07:51 09-12-2023

                 

Haber

|< 1 >|