News Архив

Конференции и семинары

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 2023-жылдын 28-29-апрелинде университеттин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына, окуу жай катары түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана профессор К.С.Алыбаевдин 70 жылдыгына карата “Илим жана билим гармониясы - коомду өнүктүрүүчү күчтөрдүн негизи” аталышта илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Эл аралык конференцияга ИСП кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы, профессор А. Сопуев ошондой эле доценттер А.Э. Сатаров, У.А. Сактанов, Н.К. Аркабаев, А.М. Токторбаев, улук окутуучулар Н.А. Абдирайимова, Г. Омаралиева, Абдумиталип уулу Кубатбектер катышышып, доклад жасашты.