Haber

Илимий семинар

2019-жылдын 11-апрелинде Кыргызстан түштүк философиялык коому жана ОшМУнун философия жана политология кафедрасы тарабынан илимий жумалыктын алкагында «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына жана турксой уюмунун «Ош шаары – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу чечимине арналган «ТҮРК МАДАНИЯТЫНЫН КОНТЕКСТИНДЕ БИЛИМДИ ГУМАНДАШТЫРУУ» аттуу студенттик илимий семинар өткөрүлдү. Илимий семинарга бийлик, башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана башка белгилүү инсандар катышышты. Алгач семинардын салтанаттуу ачылуу аземинде ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору И.Г. Кенжаев, ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.М. Анарбаева, башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы И. Берхмаматов куттуктоо сөздөрүн айтып кетишти. Илимий семинарга ОшМУнун, ЖАМУнун, КММАнын, Эл аралык Кувейт университетинин студенттеринен 50гө жакын баяндамалары жана Ош шаарынын орто мектептеринин окуучуларынан 100гө жакын эссе, баяндамалары келип түшкөн. Секциялардын ишинде кызыктуу темаларда докладдар окулду жана жыйынтыгында, мыкты баяндамаларга 1-2-3-даражадагы дипломдор ыйгарылды. Ошондой эле, “мыкты” деп белгиленген эссе, баяндамалары үчүн мектеп окуучуларына ардак грамоталар жана түрдүү белектер тапшырылды.

1164 13:30 17-04-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|