Haber

“Түрк културу ве медениети” эл аралык конгресси

2018-жылдын 05 - 08-сентябрь күндөрү философия жана политология кафедрасынын доценти, философия илимдеринин кандидаты Мурзакматов Аманбек Камытович Туркия мамлекетинин Балыкесир университети жана Түрк очоктору уюму тарабынан уюштурулган “Түрк културу ве медениети” эл аралык конгрессинин ишине катышып келди. Бул конгресс түрк дүйнөсүнүн жалпы адамзаттык маданиятка кошкон салымын аныктоо, анын келечегине сарасеп салуу жана тектеш элдерди маданият аркылуу бириктирүү максатында өткөрүлдү. Доцент А.К. Мурзакматов 7-сентябрь күнү Кашкарлык Махмуд салонунда “Кыргыз-Түрк этикетиндеги жалпылыктар” деген аталышта доклад жасады. Конгресстин ишине дүйнөнүн 18 мамлекетинен келген илимпоздор, маданияттын көрүнүктүү ишмерлери катышты. Аталган конгрессти уюштурууга көптөгөн абройлуу уюмдар, алардын арасында Түрксой уюму да көмөктөшкөн. Конгресске Кыргызстандын Түрксой уюмундагы өкүлү, Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин катышып, Ч. Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы орду, залкар жазуучунун түрк дүйнөсүндөгү маданий алакалардын бекемделишине кошкон салымы, анын чыгармаларынын келечектеги мааниси тууралуу баяндама жасады.
1624 16:36 05-12-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|