Haber

Ата-эне менен жолугушуу

Бүгүн Финансы-юридикалык колледжинде “Окуу жай менен ата-эненин кызматташуусу студенттин жаркын келечеги ” деген темада ата-энелер конференциясы болуп өттү. Конференцияга ЖОЖдорго чейинки даярдоо департаментинин директору, б.и.к., доцент Т. Эркебаев, ОшМУнун Магистратура бзлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Т. Токтомаматовна келип катышты.

Конференцияда коомдогу ата-эне жана окуу жайдын орду, ошондой эле ОшМУнун келечектеги аткарыла турган перспективдүү пландары менен тааныштырды.

Конференциянын экинчи бөлүгү адистиктер боюнча секцияларга бөлүнүп,БЭжФ кафедра башчысы э.и.к., доцент Н. Исаковдун демилгеси менен куратор, кафедранын окутуучулары тарабынан ата-эне менен тыгыз байланышта иштөө үчүн, студентти келечекте татыктуу , конкуренцияга жөндөмдүү адис болушуна эки тарап тең кызыктар экендиги талкууланып, окутуучулар сунуш кылган темалардын үстүндү ата-энелер тарабынан презентациялар жасалды. Конференциянын аягында кураторлор менен ата-энелер өз алдынча баарлашып, байланышуун мындан кийин да жандандыруу керек экендиктерин айтышты.















3602 14:44 18-02-2017

                 

Haber

|< 1 2 >|