Кафедранын максаты жана милдеттери:
Бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасынын негизги максаты билим берүүнүн стандарттарынын талабына ылайык билим берүү жана адистик программаларды ишке ашыруу. Кыргызстанда түштүк аймактык экономика тармагындагы адистерге болгон муктаждыкты канааттандырып, салык салуу , бухгалтердик эсеп жана финансы, банк тармагындагы атайын орто квалификациялуу финансист , экономист, банк иши жана салык салуу боюнча адистерди даярдоо.
Кафедранын негизги милдеттери:
Ø Профессордук-окутуучулук курамдын окуу-усулдук ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүү
Ø Студенттердин чыгамачыл потенциалын,жөндөмдөрүн жана кесиптик тажрыйбаларын өркүндөтүү;
Ø Кафедранын адистиги боюнча илимий-изиилдөө иштерин жүргүзүү;
Финансы жана банк иши адистиги боюнча дипломуна ээ болгон
адистер төмөндөгү тармактар боюнча иш жүргүзө алат:
Ø Финансылык билимди талап кылган мамлекеттик,жергиликтүү жана жеке ишканаларда,банктарда,атайын адистешкен финансы-кредиттик уюмдарында,баалуу кагаздар рыногунда,фонддук биржаларда жана аудитордук компанияларда;
Ø Билимдерин жогорку окуу жайларында андан кийин аспирантурада,финансы, экономика жана башка тармактар боюнча уланта алат.