Haber

29.03.2024. 1-курстун ИНл-27А-23 тайпасынын студенти Shoeb Siddiquiдан ОшМУ жөнүндө өзүнүн автордук ыры

ОшМУнун 85 жылдыгына карата 1-курстун ИНл-27А-23 тайпасынын студенти Shoeb Siddiquiдан ОшМУ жөнүндө өзүнүн автордук ыры. Котормосу: Тоолору бийик болгон Кыргызстандын жүрөгүндө, Ош МУнун эл аралык медицина факультети, студенттердин жүрүгүнүн түнөгүндө. Даанышмандык ырайымы жаңырган лекция залдарында, Келечектин табыптары бейтаптарды мактоо менен дарылоону үйрөнүүдө. Келечек лидерлери байырлаган бейиштей жер, Жана да сан миңдеген баалуу сабак,кенештер Китептин өрөөнү болгон аймактан,анан да бир нече жакшы натыйжалардан Түбөлүк жылдыздардай жарыктыкка чыгабыз. Анатомия,фармакология баарын үйрөтүп Анан да алардын чеберчилик,өркүнүнө көндүрүп Орусчаны, кыргызчаны үйрөтүүгө жөндөшөт. Бирок агай “Кыйынчылык менен жеңилдик келет” дейт. Ал эми байыркы байланыштары бар латын тили жөнүндө эмне айтууга болот? Бул мага өлүмдүн чексиздиктен башка эч нерсе эмес экенин түшүнүүгө жардам берет. Акыл жанган билим залдарында, Манастын мурасы жаркырап турат. Философия мугалими, ушунчалык боорукер, шыктандыруучу ойлорго бай. Лабораториялар жана клиникалар- алар бизди акылдуу кылышат, Боорукер жүрөк менен дүйнөнү айыктыруу биздин милдет. Эх, Ош мамлекеттик университети, сыймыктуу жер, Келечектеги дарыгерлер даярдалып, кыялдары алыска учкан жер.
148 02:43 02-04-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|