Мамлекеттик тил
16:55
2019-жылдын 3-апрелинде мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары усулдук семинар өтүштү. Окутуучу А.Парпиева "Студенттердин оозеки жазуукебинде сөз байлыгын арттыруудагы тексттин орду, аны менен иштөөнүн айрым бир ыкмасы" аттуу темада усулдук семинар өттү. Бышыктоо сабагында бул ыкманы пайдалануу сабактын эффективдүүлүгүн арттырат.
Ф.и.к., улук окутуучу Д.Ызабекова "Дискреттик түгөйлөр ыкмасы" аттуу баяндама жасады. Кыргыз адабиятысабагын өтүүдө бул ыкма коллективдүү иштөөгөжардам берет. Студенттердин коммуникативдик байланышы жакшырат.
Окутуучу З.Абдышова "Чаташкан логикалык чынжыр" аталыштагы усулдук семинар өттү. Максаты: - окутуучулар стратегия менен таанышышат;
- маалыматты эстеп калууга, текст түзүүгө, тексттерди салыштырууга, презентация жасоого жетишүүчү натыйжаларды ишке ашыруунун жолун үйрөнүшөт.
Жыйынтыгында 3 окутуучунун усулдук семинары өндүрүшкө сунушталды.
957 16:55 05-04-2019