Haber

Мамлекеттик тил

“Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамдарды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп – адамдарды байланыштырат” (Ч.Айтматов) Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинде “Эң мыкты окурман тайпа” акыл таймашы болуп өттү 2019-жылдын 7-майында ОшМУнун МИТ факультетинде ОшМУнун 80 жылдыгына карата мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Ызабекова Динара Абдрасуловна, Максутова Жазгүл Жумабаевналардын уюштуруусунда кыргыз тили жана адабияты сабагын жана студенттердин өз алдынча иштеринин аткарылышын жыйынтыктоо максатында Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романынын негизинде “Эң мыкты окурман тайпа” акыл таймашы болуп өттү. Акыл таймашы 6 тапшырмадан: “Тоолор кулаганда” романындагы окуялардын мазмунун камтыган суроолор топтомунан (топтордогу 8 студенттин ар бирине бирден суроо модератор тарабынан берилди); Чыгармадагы үзүндүгө эркин ой чабыт (топтор чыгармадагы бир окуяны, үзүндүнү баяндашып, андагы психологиялык абал, социалдык маселелерге идеялык-тематикалык талдоо жүргүзүштү, окурман катары көз караштарын билдиришти); Каармандарды же кырдаалды сүрөттөө тексти; Чыгармада кездешкен неологизмдер (чыгармада кездешкен өз кесиптерине тиешелүү (кесиптик сөздөр, технологиялык терминология) бир терминдин маанисин чечмелеп жана ал сөз чыгармада кайсы учурда баяндалгандыгын түшүндүрүп беришти); Чыгарманын идеялык-тематикалык маанисин камтыган топтор ортосундагы суроо-жооптор (Катышуучулардан сырткары ар бир топтун күйөрмандары (катышкан студенттерден сырткаркы тайпалаштары) тарабынан бирден суроо берилип, жооптор алынды); Романдан үзүндү аткаруу (сахналык көрүнүш) тапшырмалары берилди. АС(б)-1-18, ИСТ (б)-2-18Р, МК(б)-1-18, МК(б)-2-18, ИК(б)-1-18 тайпаларынын ортосунда жүргүзүлгөн таймашта 1-орунду ИСТ(б)-2-18Р, 2-орунду АС(б)-1-18, 3-орунду МК(б)-2-18Р тайпалары алышты жана диплом, жигердүү катышкан студенттер Ардак грамота, белектер менен сыйланышты.
881 17:05 08-05-2019

                 

Haber

902 11:02 28-05-2019

Мамлекеттик тил

Мамлекеттик тил

881 17:05 08-05-2019

Мамлекеттик тил

992 16:56 08-05-2019

Мамлекеттик тил

999 10:39 07-05-2019

Мамлекеттик тил

898 10:33 07-05-2019
913 15:26 02-05-2019

Мамлекеттик тил

Мамлекеттик тил

900 17:06 30-04-2019

Мамлекеттик тил

928 16:59 30-04-2019

Мамлекеттик тил

919 11:02 22-04-2019

Мамлекеттик тил

957 16:55 05-04-2019
|< 1 2 3 4 5 >|