18.03.2024
Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине жана 21-Март “Нооруз” күнүнө карата «Бизнес жана менеджмент» факультетинин адистиктер (студенттер үчүн) ортосунда спорттун Ордо түрү боюнча ДЕКАНДЫН КУБОГУ болуп өттү.
МЕЛДЕШТИН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТИ:
1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;
2. Ордо оюнун пропагандалоо;
3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо;
4. Кыргыздын улуттук оюндарына болгон кызыгуусун өнүктүрүү;
5. Студенттердин бири-бирине болгон байланышын чындоо;
6. Студенттерди сергек жашоого үндөө;
7. БжМ факультетинин Ордо боюнча курама командасын аныктоо.
Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти.
Жеңүүчү командалар I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:
1. “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу” адистигинин студенттеринен куралган команда 1-орунду;
2. Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ адистигин студенттеринен куралган команда 2-орунду;
3. “Менеджмент” адистигинен түзүлгөн курама команда 3-орунду багындырышты.
Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз.
21-март НООРУЗ майрамыңыздар кут болсун!!!