03.04.2024.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси, э.и.д., профессор Жапаров Акылбек Усенбекович онлайн форматта лекция окуду.
Өкмөт башчынын лекциясына Ош мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин, Ысык-Көл мамалекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин жана Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулары, магистранттары, аспиранттары жана студенттери онлайн форматта катышышты.
Лекциянын жүрүшүндө өкмөт башчы өлкөнүн каржы секторунда, энергетикада, транспорт багытында, курулуш тармактарында, саламаттыкты сактоодо, өлкөнүн экономикасынын мурунку-азыркы абалы жана билим берүү тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.
Масштабдуу бул иш-чарага ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинин студенттери жана кураторлору активдүү катышып, кызыктырган суроолорго татыктуу жооп алышты.