Haber

Жакшылыкты бөлүшүп көбөйтөлү!!! 80 жаштагы ОшМУнун ийгиликтери!!! ОшМУнун 16 студент 2 окутуучусу Чехиянын Батыш Чех университетине академиялык мобилдүүлүктөн өтүүг&#

Жакшылыкты бөлүшүп көбөйтөлү!!! 80 жаштагы ОшМУнун ийгиликтери!!! ОшМУнун 16 студент 2 окутуучусу Чехиянын Батыш Чех университетине академиялык мобилдүүлүктөн өтүүгө жөнөп кетишти. Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде ОшМУдан 16 студент, 2 окутуучу Батыш Чех университетине жөнөп кетишти. Алар эл аралык мамилелер факультетинин 6 студенти (Саидова Саида Санджаровна, Ибрагимова Лейла Шахруховна, Абдрасулова Эльвира Абдрасуловна, Касымова Шахноза Рустамовна, Акылбекова Уулай Акылбековна, Нурбек уулу Амангелди), дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 10 студенти (Назаров Изатилло, Канторо кызы Аксамай, Сулайманова Мираида, Ахмеджанов Баходиржон Абдуманабович, Мамбетали кызы Айнура, Муратбек кызы Мээрим, Туланбаева Зульфиназ, Исманов Оллохберди) Чехиянын Пльзень шаарында жайгашкан Батыш Чех университетине 6-апрель күнү билим алуу максатында сапарга аттанышты. Студенттер менен катар эле ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин Англис тилин окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Рахат Сагындыкова, ф.и.к., доцент Калмаматова Замира тажрыйба алмашуу жана конок лекцияларды өткөрүү максатында жөнөп кетишти. ОшМУнун проректору, профессор Абдыганы Абдувалиев аларды кабыл алып, өзүнүн батасын берип, ак жол тилеп, билимдерин өркүндөтүп, тажрыйба алмашып келүүсүнө ийгиликтерди каалап узатты. Жолугушуу учурунда студенттер түзүлгөн шарттар жана колдоосу үчүн университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. “ОшМУдан барган студенттер англис тилиндеги тайпаларда окуп, дискуссия клубдарына катышып, студенттер менен достошуп, жыйынтыгында академиялык мобилдүүлүк программасынан өткөндүгү жөнүндө Батыш Чех университетинин сертификаттарына, билимдерин тастыктаган транскриптке ээ болушат. Билим алуу менен бирге Европанын башка мамлекеттеринде да болуп, алардын тили, маданияты, тарыхы, экономикасы, саясий түзүлүшү менен таанышып кайтышат”,- деди ушул байланыштын демилгечиси Эрлан Камалов. Учурда эки окуу жай жетекчиси тарабынан университеттер ортосунда өз ара кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, студент, магистранттарды, докторанттарды академиялык мобилдүүлүк багытында алмашуу, окутуучуларды, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюлган. Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери Батыш Чех университетинин академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде келген 26 студенти ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алып кетишсе, аталган университеттин философия жана искусство факультетинин деканы, Давид Шанц, т.и.д., профессор Павел Варжека, PhD Мартина Понизилова ОшМУда конок лекцияларды өтүшүп, археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, тажрыйба бөлүшкөн. Ошол эле учурда келишим түзүлгөндөн бери ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 37 студенти жана 4 окутуучусу, тарых факультетинин 3 магистранты жана 2 окутуучусу Батыш Чех университетинде окуп, сабактарды өтүшүп, тажрыйба топтоп келишкен
930 08:49 12-04-2019

                 

Haber

|< 1 2 >|