Haber

“ Англис тилинин теориясы “


“ Англис тилинин теориясы “
Чет тилдер факультетинин студенттери үчүн өтө пайдалуу жогоркудай аталыштагы окуу китеби жарык көрдүү. Китептин автору англис тилинин лексикологиясы жана стилистикасы кафедрасынын башчысы, профессор Арап Анарбаев жана роман - герман филологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Шукри Вазирович Мараш – Оглы факультеттин жогорку курстарында өздөрүү көп жылдардан бери окуган лекциялык курстарын атайын окуу куралы катарында басып чыгарган. Китеп төрт бөлүктөн - фонология, теориялык грамматика, лексикология жана стилистика деген теориялык курстардан турат. Атайын окуу китеби Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылып, колдоого алынган жана басмага сунуш кылынган. Кол жазмага сын пикирлерин филология илимдеринин кандидаттары, доценттер Калыгулова С.Ш. жана Б.И. Исмаилова жазган. Жаңы китеп чет тилдер факультетинин бакалавриат жана магистратура бөлүмдөрүнүн студенттери, жалпы эле англис тилин үйрөнүүгө кызыккан дилгир адамдар үчүн маанилүү жана пайдалуу курал болуп эсептелет.





Куттуктоо!!! “Ош жаңырыгы” газетасында белгиленген сыяктуу кесиптешибиз Эргешова Нурзада Тагаевна магистратуранын акыркы, жыйынтыктоочу семестрин “Таң жылдыздары өлкөсү” деп аталган Испаниянын Кадиз университетинде ийгиликтүү аяктап келиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан ары илимий - педагогикалык, чыгармачылык иштеринин жемиштүү болушуна изги каалоолорубузду билдиребиз. Чет тилдер факультетинин англис тилинин лексикологиясы жана стилистикасы кафедрасынын жамаааты
























Ийгиликтин башаты

Чет тилдер факультетинин англис тилинин лексикологиясы жана стилистикасы кафедрасында мактанаарлык ийгилик жаралды.

Кафедранын төрт окутуучусу университетибизде жаңы ачылган магистратураны ийгиликтүү аяктап, “Филологиялык билим берүү” жана “Лингвистика” адистиктери боюнча магистр даражасына ээ болушту.

“Саргая жортсоң, кызара бөртөсүң” деген сыяктуу бул төрт кесиптешибиз илимий - педагогикалык жумуш менен магистратурада окууну айкалыштырып дал ушундай ийгиликке жетишип олтурушат. Бул алдыга умтулуунун, билим чокусуна карай илгерилөөнүн түйшктүү кадамдарынын натыйжасы.

Магистрлик даражага ээ болгон кесиптештерибиз – улук окутуучулар Сулайманова Гүлнурду, Эргешова Нурзаданы, окутуучулар Исмаилова Алтынайды, Нишанов Чубакты жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз жана келечектеги илимий – педагогикалык чыгармачылык иштеринин үзрлүү болушун чын дилден каалайбыз!

Кафедра жамааты



             Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде англис тилинин лексикологиясы жана стилистикасы кафедрасы тарабынан уюштурулган англис тили окутуучуларынын билимин өркүндөтүү тренинг курсу өткөрүлдү. Бул курска Ош шаарынын жогорку окуу жайларынан, мектептеринен жана Баткен облусунун мектептеринен англис тили мугалимдери келип, баа жеткис тажрыйба алып кетти. Жалпы курска 35 окутуучу катышып, ыраазычылыктарын билдирип кетишти. Бир жылда үч жолу өткөрүлүүчү курстун уландысы август айында өткөрүлөт.

Кафедра лексикологии и стилистики английского языка факультета иностранных языков Ошского государственного университета провела тренинг для преподавателей английского языка ВУЗов и школ Ошской и Баткенской областей. Учителя получили бесценный опыт преподавания, а также необходимые раздаточные материалы и наглядные пособия.

Был организован обмен мнениями по проведенному тренингу и отдельным презентациям преподавателей кафедры. Все семинары были высоко оценены участниками, была отмечена актуальность тематики и хороший уровень владения материалом преподавателями данной кафедры. Данные тренинги планируется проводить регулярно 3 раза в год, для чего было решено заранее определять тематику будущих семинаров.

Неразрывная связь ВУЗа и школы будет способствовать дальнейшему повышению уровня владения методикой преподавания учителями школ города и областей.

Chair of English Lexicology and Stylistics organized and hosted a training course for English language teachers. Approximately 35 English teachers from Osh and Batken regions joined methodology workshop. Teachers enthusiastically participated in session on topics such as teaching vocabulary, art in the classroom, academic writing, making the most Observation, Teaching Art and types of Dictation. After the sessions concluded, teacher expressed their interests of what topics they would like to learn more about. This was day 1 of a planned 3-day come, which will continue in August.
5620 13:26 29-11-2016

                 

Haber

|< 1 2 >|