Haber

Туризм тармагынын жөндөмдүүлүгү жогорулайт

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган туризм өкүлдөрүнүн жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча программасынын алкагында аталган тармакта адистерди даярдоо максатында жыйын өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэриясынын, “Дестинация-Ош” туризм ассоциациясынын, Ош шаарынын жана Ош облусунун туризм тармагынын мекеме-ишканаларынын өкүлдөрү, жаштар жана ТТАТФнын экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын кызматкерлери менен студенттери катышып, туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, турлардын географиясын кеңейтүү жана жагымдуу, жөндөмдүү туристтик продукцияны түзүү боюнча ой-пикирлери жана сунуштары менен бөлүшүштү.
Ошондой эле, Ош шаарында жана Ош облусунда туризм секторундагы ишканалардын жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу программасынын бет ачары болуп, тармакты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу жолдору талкууланды.
391 09:08 24-01-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|