Haber

Ташкенттик геодезисттер бизде конокто

2024-жылдын 20-21-февралында табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетине Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин география жана ГИС факультетинин окумуштуулары иш сапары менен келишти: т.и.к. проф. Сафаров Э.Ю., г.и.к., доцент Эгамбердиев А., ф-м.и.к., проф. Мирмахмудов Э.Р., PhD, доцент Рахмонов Д.Н., доцент Щукина О.Г., доцент Салахутдинова С., окутуучу Бегимкулов Э. Ректор К.Кожобеков жолугушууда колдонмо геодезия багытында эки университеттин кызматташуусу, академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуусу, биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттары жакшы жолго коюлгандыгыг белгиледи. Коноктор колдонмо геодезия адистигинде окуп жатышкан студенттерге конок лекцияларды окушту. Ал эми 21-февралда ОшМУда колдонмо геодезия программасы боюнча PhD докторантура ачуу, Scopus жана Web of Science илимий басылмаларга макалаларды жарыялоо, заманбап илимий долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган талкууга катышышты. Ошондой эле 22-февраль геодезисттер жана картографтар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага катышышты. Бул саамалыкка бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер да чакырылды. Келген коноктор колдонмо геодезия адистигинин программа жетекчиси, т.и.к., доцент Д.Абжапаровага жана жалпы жамаатка терең ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары да кызматташууну тереңдетүү максаттарын айтышты.
287 08:26 22-02-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|