Haber

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ИШ-АРАКЕТТЕР БАШТАЛЫП ЖАТАТ

2024-жылдын 20-мартында географ-окумуштуулар – Низамиев А.Г., Аккулов А.У., Ибраев С.А. илимий-өндүрүштүк багыттагы өнөктөштөр – профессор Калдыбаев Н., доцент Станбаев Ө., Арзиев Н. менен бирге Өзгөн районунун акими Апбасов Каныбек башында турган уюштуруу тобу өткөргөн КР Жогорку Кеңештин депутаттары Ормонов У., Сатыбалдиев Э., Төлөнов Д., Төлөнов Ч. жана КРнын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрүнүн райондун эли менен жолугушуусуна катышып келишти. Жалпысынан райондогу өнүктүрүү программасынын алкагында аткарылып жаткан ар тараптуу иштер жөнүндө маалыматтар угулуп, ар кайсыл айыл өкмөтүндөгү жана жашоо жагдайларындагы көйгөйлөр тууралуу суроо-жооптор болду. Биз тараптан райондун аймагында калк арасындагы жакырчылыкты азайтуу, туризм потенциалын арттыруу максатында “Төөчү” тоо-лыжа базасын жана этноайылын уюштуруу, миниГЭС жана жаңы ирригациялык канал куруу, тоолуу аймактардагы жер көчкүлөрдүн алдын алуу жана кесепеттери менен күрөшүүдө ОшМУ менен USAID Ага Хан фондусунун каржылоосу менен аткарылып жаткан “Курбу-Таш токой” долбоору сыяктуу демилгелерди колдоо жана жайылтуу, жайыт жерлердин деградациясын токтотуу жана калыбына келтирүү үчүн альтернативалык чарба уюштуруунун, мындай иш-аракеттер аркылуу жумуш орундарын түзүү, миграцияны токтотуу максатка ылайыктуу болоору жөнүндө сунуштар берилди. Жыйындан соң акимдин кабыл алуусунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүү учурдун талабы экендиги туурасында пикир алышуу болду.

136 09:31 29-03-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|