Haber

520200 Биологиянын НББП жана стратегиялык өнүгүү планын талкуулоо

2024-жылдын 27-февралында 520200 Биология багытынын негизги билим берүү программасы жана стратегиялык өнүгүү планы жумуш берүүчүлөр жана ОшМУнун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда талкуу уюштурулду.

Жолугушууга Кулун-Ата мамлекеттик коругунун директору Чокубаев Кабылжан, ага илимий кызметкери Абдисатаров Камбарали, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси, энтомолог Адылмырзаева Канайым, ЕККУнун Оштогу программалык кеңсесинин директору Исабаев Каныбек, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын улук инспекторлору Баяман уулу Уланкадыр жана Имамали уулу Нурсултан, Оштогу кара тумоого каршы бөлүмүнүн микробиологиялык лабораториясынын башчысы Ражапбаева Атыргүл жана зоо-энтомология лабораториясынын башчысы Шекеев Каныбек, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын биохимиялык лабораториясынын башчысы Жусупова Бермет жана ОшМУнун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын башчысы, 520200 Биология багытынын программа жетекчиси, доцент Абдыкааров Абдиманнап Момунович 520200 Биология багытынын негизги билим берүү программасы жана стратегиялык өнүгүү планы менен тааныштырды.

Жолугушуунун алкагында негизги билим берүү программасы иш берүүчүлөр тарабынан кызуу талкууланып, тандоо курстарга бир топ адистик дисциплиналарды киргизүү, аталган багыттын бүтүрүүчүлөрүнө өндүрүштөрдүн муктаждыгына байланыштуу бюджеттик орундарды ачуу, токой чарбачылыгын өнүктүрүү жана токойлорду коргоо багытында “токой иши” профилин ачуу, лабораториялык иш боюнча профессордук-окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, министрликке “экология” предметин бардык окуу жайларда окутуу зарылчылыгы боюнча сунуштар берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө 520200 Биология багытында билим алып жаткан студенттердин өндүрүштүк практикасын өткөрүүгө кошкон бараандуу салымдарын үчүн Оштогу беш мекеменин жетекчилерине ОшМУнун ректорунун буйругу (№ 874-ФХД/24, 27.02.2024) менен алкыш баракчалары тапшырылды.

520200 Биология багытынын программа жетекчиси,

зоология, экология жана биинженерия кафедрасынын

башчысы, доцент Абдыкааров А бдиманнап

247 04:25 01-03-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|