Haber

АКШ дагы Миссури университети менен кызматташуу жанданат.

Миссури университети менен кызматташуу жанданат. АКШдагы Миссури университетинин эл аралык программалар боюнча вице-проректору, эл аралык борборунун директору, профессор Мэри Стегмайер баштаган делегация ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Жолугушууда Миссури университети менен ОшМУнун ортосундагы кызматташуу алакалары боюнча сөз болду. Окуу жай жетекчиси ОшМУнун учурдагы алдыга койгон пландары боюнча маалымат берди. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында ОшМУнун алдында ачылып жаткан стартап бизнес инкубатор борбору, медициналык изилдөөчү долбоорлор, илим изилдөө, билим берүү, академиялык мобилдүүүлүк, кош дипломдуулук маселелери боюнча кызматташтыктарды кеңейтүү багыттарын талкуулашты. Коноктор ОшМУнун музейи менен таанышып, факультеттеринде болушту. Миссури университети менен ОшМУ 2022-жылдын 13-январында кызматташуу меморандумуна кол койгон. Миссури университети 1839-жылы түптөлгөн. Анда 30 000ге жакын студент 270 адистик боюнча билим алышат. 14 400 студент чет өлкөлүк студенттер.
214 10:29 15-06-2022

                 

Haber

|< 1 2 3 4 >|