Haber

Кафедранын номенклатуралык иш кагаздар папкалары күтүлүүчү аккредитацияга байланыштуу жаңыланууда

“Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен” кафедрасындагы иш кагаздар жайгашкан папкалар иреттештирилип, белгиленген номенклатурага боюнча, б.а. 27.1. 1-32 тартиби боюнча кайрадан жаңыланды. Тактап айтканда, ыңгайлуулук жаратуу максатында жүргүзүлүп жаткан окуу-усулдук, илимий-изилдөө, уюштуруу жана тарбия багыттарын камтыган түрдүү түстөгү папкалар менен белгиленди. Номенклатуралык иш кагаздар топтому акыркы 5 жыл ичиндеги материалдарды камтыйт. 2010-жылга чейинки иш кагаздар кафедранын архивдик материалдары катары киргизилди. Аталган ишти уюштурууда кафедра башчысы менен биргеликте кафедранын завучу доцент Ж.Муратова, доцент Б.Кенешбаев жана окуу-көмөкчү курамдын (Молдобаева А., Аблаева Д. ж.б.) аракеттерин белгилөөгө болот. Келечегинде кафедрага кирген жана чыккан документтерди атайын үлгүдөгү кафедралык штамп аркылуу каттоо пландаштырылууда.
3483 09:01 01-12-2015

                 

Haber

|< 19 20 21 22 23 >|