Haber

Кафедранын илимий иштер багытындагы кезектеги жылдык отчету Ош МУ уюштурган отчеттук конференциянын пленардык отурумунда угулду

2015-жылдын 27-ноябрында Ош МУда өткөрүлгөн отчеттук конференцияда кафедранын башчысы м.и.к., доцент К. Сакибаев жыл ичинде аткарылган илимий-изилдөө багытындагы иштер боюнча пленардык отурумда баяндама жасады. Кеңири маалыматта 3: илимий-изилдөө, илимий-педогикалык жана студенттердин окуу жана илимий-изилдөө иштери камтылган багыттар боюнча аткарылган жумуштар чагылдырылды. Белгилей кетсек, отчеттук жыл ичинде кафедра Россия табият таануу академиясы (РАЕ) тарабынан “Золотая кафедра” дипломуна ээ болуп, кафедра кызматкерлери доц. К. Сакибаев - РАЕ профессору, ал эми А. Ешиев - РАЕ академиги катарында мүчөлүккө катталышкан. Жүргүзүлүп жаткан илимий иштердин негизинде алдыңкы Россиялык медициналык жогорку окуу жайлары (И.М. Сеченов атындагы 1-МММУ, Н.Н. Бурденко атындагы ВММУ, ВолгММУ, ПензМУ ж.б.) менен кызматташтык тууралуу келишимдерге да кол коюлуп, кафедранын базасында биринчи жолу илимий-лабораториялык антропометрикалык кабинет ишке киргизилип, макамы эл аралык ЖОЖдор ортосундагы антропометрикалык кабинет катары ОшМУ жана И.М. Сеченов атындагы 1-МММУнун ортосунда белгиленген. Изилдөөчүлөрдүн илимий макалалары рецензиялык журналдардан (РИНЦ) жарыкка чыгып, жыйынтыгында кафедра башчысы, доцент К. Сакибаев “Журнал анатомии и гистопатологии” аттуу профилдик журналдын редакциялык кеңешине мүчө болуп катталды. Окутуучулардын квалификацияларын жогорулатуу багытында да алгылыктуу иштер журуп жатканын берилген материалдардан белгилөөгө болот. Тактап айтканда, отчеттук мезгил ичинде 5 окутуучу “Анатомия человека” предмети боюнча (Москва, РУДН), 9 окутуучу “Педагогика жана психология” (Ош, ОшГУ) боюнча квалификацияларын жогорулатышкан. Студенттер тарабынан даярдалган илимий баяндамалар да (Бегимкулова А., Эркинбаева А. – 3лк-14, регионалдык конференциялар: 1, 2-орундар) алгылыктуу орундарга жетишип келүүдө. Кафедранын илимий багытын аныктоо аркылуу кафедранын аты “Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен” катары өзгөртүлүп түзүлүп, Кыргызстанда биринчи жолу биоимпедансттык анализ (БИА) аркылуу адам телосунун конституционалдык өзгөчөлүктөрү изилдене баштады. Аталган техникалык аппаратураны алууда ректорубуз проф. К. Исаковдун колдоосу кафедранын илимий иштеринин жылуусуна чоң өбөлгөлөрдү жаратты.
3325 09:48 01-12-2015

                 

Haber

|< 19 20 21 22 23 >|