Жаңылыктар

Финансы жана банк иши

“Финансы жана банк иши” бул финансы жана банк тармагындагы экономика багыты боюнча билим берүүдө жалпы окуу-тарбиялоо, илимий жана усулдук ишмердүүлүккө багытталган профессордук-окутуучулук курамдан турган окуу-өндүрүштүк бөлүм. Финансы жана банк иши бөлүмү Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинин окуу-структуралык түзүмү болуп эсептелет.. 2006-2007-окуу жылында Окумуштуулар Кеңешинин №6 токтомуна ылайык ректордун №40 буйругунун (13.02.2007) негизинде “Кесиптик билим берүүнүн” дисциплиналар циклы ачылган жана Бизнес жана менеджмент, Финансы жана экономика факультеттеринин тиешелүү кафедралары тейлеп турган.

2009-жылы Финансы, Экономика жана бухгалтердик эсеп адистиктеринин окуу процессин толук кандуу жүргүзүү максатында кесиптик билим берүү циклы Бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасы болуп түзүлүп, кафедра башчылыгына улук окутуучу Ж.Асилбек кызы дайындалган. 2013-2014-окуу жылында кафедра 4 адистикти тейлеп келгендигине байланыштуу студентердин саны жана окуу жүктөмдөрүнүн көлөмү көбөйгөндүктөн төмөндөгү эки багыттагы кафедраларга бөлүнгөн: .

 

 

Ø “Финансы жана банк иши”;

Ø “Бухгалтердик эсеп жана салык”;

“Финансы жана банк иши” кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп э.и.к., доцент Н.Ж.Исаков дайындалган.

2019-жылдын июль айынан тартып э.и.к., доцент Абдрахманов Оёнбек Эмилович ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинде конкурстук шайлоодон ийгиликтүү өтүп, Финансы жана банка иши кафедрасынын башчысы кызматына дайындалган. Кафедра 080106 – «Финансы (тармактар боюнча)», 080108 – «Банк иши» адистиктери боюнча өз ишмердүүлүгүн улантып келген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндөгү” 2004-жылдын 3-февралындагы №53 токтомунун жобосуна ылайык ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү боюнча 2020-жылдын 10-сентябрындагы №Р-24 буйругунун негизинде Финансы-юридикалык колледжинде Финансы жана банк иши кафедрасы Финансы жана банк иши предметтик циклдык комиссиясына (ПЦК) өзгөртүлүп түзүлгөн. Ушул эле буйруктун негизинде Финансы жана банк иши, Табият таануу предметтик циклдык комиссияларынын курамында Финансы жана банк иши бөлүмү ачылып, бүгүнкү күндө э.и.к., доцент Абдрахманов Оёнбек Эмилович бөлүм башчы катары жетектеп келүүдө.