Максаты, миссиясы жана милдети

БӨЛҮМДҮН МАКСАТЫ:

 

Кесиптик билим берүүнүн стандарттарынын талабына ылайык ОшМУнун миссиясын жетекчиликке алуу менен негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу. Кыргызстанда түштүк аймактык экономика тармагындагы адистерге болгон муктаждыкты канааттандырып, финансы жана банк тармагындагы орто кесиптик квалификациялуу, эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуу финансисттерди жана банк иши боюнча адистерди даярдоо.

 

БӨЛҮМДҮН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ:

 

Ø КРдин билим берүү мыйзамдарына жана стандарттарына ылайык, эмгек рыногунун жана иш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алуу менен негизги кесиптик билим берүү программаларын ийгиликтүү иш жүзүнө ашыруу;

Ø Профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын, илимий потенциалын жана окуу-усулдук ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайык жогорулатууну жакшыртуу;

Ø Эл аралык стандарттарга, компетенттүүлүк талаптарына ылайык билим берүүнүн жана адистерди даярдоонун мазмунун жакшыртуу;

Ø Бөлүмдүн илимий багытына ылайык жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюмдар менен биргеликте илимий долбоорлорду түзүүгө жетишүү жана ишке ашыруу;

Ø Ички жана сырткы байланыштарды кеңейтүү (мобилдүүлүк);

Ø Студенттердин кесиптик билим-тажрыйбаларын, чыгармачыл потенциалын жана жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө көмөктөшүү.

Ø ПЦКнын, коллеждин, университеттин илимий-изилдөө, илимий-практикалык уюштуруу иштерине активдүү катышуу;

Ø Билим берүүдө стейкхолдерлердин сунуштарына ылайык инновациялык мүнөздөгү иш аракеттерди күчөтүү;

Ø Эл аралык илимий жана илимий-практикалык конференцияларга, семинар жана симпозиумдарга катышуу;

Ø Илимий-изилдөө иштерин өндүрүштүк-практикалык нукка багыттоо;

Ø Гранттык конкурстарга катышууну жандандыруу.

 

Финансы жана банк иши адистиги боюнча дипломуна ээ болгон

адистер төмөндөгү тармактар боюнча иш жүргүзө алат:

v Финансылык билимди талап кылган мамлекеттик, жергиликтүү жана жеке ишканаларда, банктарда, атайын адистешкен финансы-кредиттик уюмдарында, баалуу кагаздар рыногунда, фонддук биржаларда жана аудитордук компанияларда;

v Билимдерин жогорку окуу жайларында андан кийин аспирантурада,финансы, экономика жана башка тармактар боюнча уланта алат.