Окуу-усулдук иш
Предметтик-циклдик комиссиянын (мындан ары - ПЦК) негизги милдеттери
окуу-усулдук иштер үчүн:
• жогорку органдын (ОшМУ) талабына ылайык иш программасын жана силлабустарды даярдоо (ОУК);
• мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында тиешелүү багыттар жана адистиктер боюнча окуу пландарын иштеп чыгуу;
• лекцияларды, практикалык жана лабораториялык иштерди, өндүрүштүк практиканы, окуу пландарында каралган окуу сабактарынын башка түрлөрүн консультацияларды, ошондой эле ПЦКнын студенттеринин, магистранттарынын жана аспиранттарынын өз алдынча иштерин уюштуруу, даярдоо жана өткөрүү;
• студенттерге тандап алган кесиптери боюнча практикалык тажрыйба алуу үчүн канааттандыраарлык шарттарды түзүү; ПЦКнын мугалимдеринин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу; билим берүү процессин уюштуруунун инновациялык ыкмаларын иштеп чыгуу; студенттерди окутуунун жана тарбиялоонун жаңы технологияларын киргизүү; жеке, альтернативдик окуу пландарын жана силлабустарды иштеп чыгуу;\
• учурдагы жана модулдук текшерүүлөрдү, экзамендерди, мамлекеттик экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү;
• билим берүү ишмердигине ички текшерүүнү жүргүзүү (сабактарга өз ара катышуу, жетекчиликтин ички аудиттери);
• мугалимдердин окуу, илимий жана методикалык иштери боюнча жеке пландарын жана отчетторун талкуулоо; мыкты мугалимдердин тажрыйбасын жалпылоо жана жайылтуу; башталгыч мугалимдерге педагогикалык чеберчиликти өздөштүрүүдө методикалык жардам көрсөтүү;
• ПЦК мүчөлөрүнүн окуу-методикалык ишмердүүлүгүн тынымсыз өркүндөтүү; окуу процессин илимий-методикалык курстар менен камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу; ПЦКда окутулуучу дисциплиналар боюнча жаңы окуу куралдарын, программаларды жана окуу китептерин иштеп чыгууга катышуу.
«Финансы жана банк иши» ПЦКсынын окуу-методикалык иштери боюнча жооптуу мугалими Райимбердиева Жаннат Курманбековна