Мобилдүүлүк

БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИНДЕ САНАРИПТИК ПЛАТФОРМАЛАРДЫ КОЛДОНУУ

2026-жылдын 14-апрелинде Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору (РДЧББ) менен биргеликте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы билим берүү мекемелеринин "Коопсуз ден соолук жашоо образы" предметинин мугалимдери үчүн "Ден соолук жашоо образынын көндүмдөрүн калыптандыруу жана аларды билим берүү процессине интеграциялоо" темасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрдү. Анда ОшМУнун медициналык колледжинин табият таану жана так илимдер ПЦКсынын окутуучусу Сайпидинова Бусанам Абдикайымовна “Билим берүү процессинде санариптик платформаларды коопсуз жана пайдалуу колдонуу” – деген темада семинар өтүп келди.



МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА

Мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында, атайын чакыруунун негизинде 2025-жылдын 16-апрелинде медициналык колледждин "Табият таануу жана так илимдер" ПЦКсынын окутуучулары А.А.Шооруков жана Б.А.Сайпидинова Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан, КЫЗЫЛ-КЫЯ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖине барып, "1С:Розница 8. Аптека системасында иштөө" боюнча практикалык сабак жана "1С:Розница 8. Аптека системасында дары-дармектерди базага киргизүү", "1С:Розница 8. Аптека системасында дары-дармектерди сатуу" боюнча мастер класстарды өтүп келишти.