ПЦКнын илим изилдөө жана сырткы байланыштары

«ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКдагы ИЛИМИЙ ИШ ПЛАНДАР

Окуу жылы үчүн түзүлгөн илимий иштердин планы:

«ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКдагы ИЛИМИЙ ИШТЕР

«Табият таануу жана так илимдер» ПЦКсында 2 илимдин кандидаты, 18 окутуучу (алардын ичинен 4 илим изилдөөчү, 7 аспирант) эмгектенет. ПЦК мүчөлөрү окуу программаларын, окуу куралдарын жана башка окуу усулдук, илимий аспектилердин иштелмелерин даярдоодо иштерди үзүрлүү алып барышууда. ПЦКнын окутуучулары тарабынан 5 окуу китеби, 13 окуу усулдук колдонмо, 100 дөн ашуун илимий макалалар басмадан жарык көргөн.

I. Биологиялык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. "Кыргызстандын түштүгүндө кездешүүчү даары өсүмдүктөрдү интродукциялоо", б.и.к., доцент Аттокуров Курсантбек Шарабидинович;

2. "Кыргызстандын түштүгүндө таралган майда кемирүүчүлөрүнүн паразиттик Гамаздык кенелери", Сарымсакова Айчурок Турганбаева;

3. "Azolla caroliniana Willd нын биоэкологиялык өзгөчөлүктөрү жана чарбачылыкта колдонуу перспективалары", Абдырахманова Жазгүл Сүйүнбаевна.

II. Химиялык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. "Висмуттун жана сурманын негизинде суу-органикалык чөйрөдө наноматериалдарды алуу" Сатиев Мирланбек Орозалиевич;

2. "Темирдин ацетатынын амиддер менен болгон комплекстик бирикмелерин синтездөө жана физико-химиялык анализ жүргүзүү", Жумагулова Барчынгул Токомбаевна.

III.Методикалык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. "Жаш мугалимдерди педагогикалык жактан даярдоонун валелогиялык негиздери", Сарыева Ырысбу Токтомаматовна;

2. "Орто кесиптик медициналык окуу жайларында химияны кесипке багыттап окутуунун методикасы", Мурзакулова Назгул Абдырахмановна;

3. "Орто кесиптик окуу жайлардын интеграцияланган сабактарында студенттердин информациялык жана коммуникациялык компетенттүүлүгүн калыптандыруу", Сайпидинова Бусанам Абдыкайымовна.

IV. Экологиялык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. "Шаар чөйрөсүн стресстик факторлордун таасирлеринен коргоодо парктык бак-дарактардын экологиялык ролу", Маметова Кызбурак Кожоевна;

2. "Влияние экологических факторов на состояние биоразнообразия растительности Туркестано-Алайского хребта", Бердигулова Мээрим Аматбековна.

V. Математикалык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. "Асимптотика решения сингулярно возмущенных задач с особенностью", Шооруков Асылбек Абдибахапович.

ПЦКнын ОКУУ ЖАЙЛАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ

ПЦКнын үзгүлтүксүз өсүп-өнүгүүсүндө окуу-процесси негизги илимий иштердин өзөгү болуп эсептелинет. Профессордук-окутуучулук курам дайыма фундаменталдык илимий проблемалар менен иш алып барышат, жергиликтүү, республикалык семинарларга, конференцияларга катышат.

ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ

Кыргызстанда элге билим берүү системасын өнүктүрүүнүн эң негизги жолдорунун бири болуп жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк окуу жайлар, өкмөттүк эмес уюмдар жана донордук мекемелер менен байланышып, инвестиция алуу, профессордук окутуучулар менен тажрыйба алмашуу ж.б. иш аракеттер саналат. Бул максатта ПЦКнын мүчөлөрү 1992-жылдан бери Ош шаарында жана Кыргызстандын түштүк региондору боюнча экологиялык маселелерди чечүүдө активдүү катышып, бир катар эл аралык уюмдар менен иштешүүдө. ПЦКнын мүчөлөрү тарабынан 10 дон ашуун экологиялык тематикадагы долбоорлор иштелип чыккан жана Эл аралык грант берүүчү уюмдар тарабынан (ISAR, РЭЦ ЦА, ГЭФ ЧГП) колдоого алынган жана тоолуу аймактарда токой тилкелерин түзүүддө. дарак-бадал өстүрүүчү питомниктерин түптөөдө жана жергиликтүү коомчулуктун арасында экологиялык билимдерди жана идеяларды жайылтууда бараандуу салым кошууда. 2005-жылдан баштап ГЭФ ЮНЕП жана БУУнун Университетинин окумуштуулары менен биргеликте "Бийик тоолуу Памир жана Памир-Алайда жер ресурстарын туруктуу пайдалануу - Борбордук Азиядагы Интеграцияланган трансчекаралык демилге" деген долбоорду иштеп чыгууда үзүрлүү эмгектенүүдө. Алсак К.Аттокуров, О.Коланов, Т.Эркебаев О.Маматкулов, М. Сатиев, К. Маметова жана А.Сатановдор Глобалдык Экологиялык Фонддун (ГЭФ) Чакан Гранттар Программасы (ЧГП) менен биологиялык көптүрдүүлүктү сактоо туруктуу органикалык бирикмелердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, эл аралык сууларды сактоо, климаттын өзгөрүшү боюнча бир канча долбоорлорду ишке ашырды.