ПЦКнын окуу процесси

«ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКнын ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕРИ

ПЦКда азыркы учурда замандын талабына толук жооп берүүчү орто билимдүү медициналык адистерди даярдоо үчүн мамлекеттик стандарттагы табигый-математикалык, гуманитардык-социалдык илимдердин негизги багыттары окутулат. Алар төмөндөгүлөр: аналитикалык химия, органикалык химия, органикалык эмес химия, ботаника, ИОПД, экологиянын негиздери ж.б. ЖОЖдук компонент катары бир катар предметтер, алсак, “Кыргызстандын дары өсүмдүктөрү: көптүрдүүлүгү, экологиясы, пайдалануу, коргоо иш-чаралары”, “Биогендик элементтердин адамдын организминдеги ролу” предметтери киргизилген. Аталган предметтерди терең өздөштүрүү үчүн лекциялык материалдар жана лабораториялык иштердин иштелмелери жогорку илимий теориялык жана усулдук жактан иштелип чыгууда. Окуу планына ылайык тиешелүү предметтердин типтүү, жумушчу программалары, силлабустар түзүлүп талдоодон өтүүдө. Лекциялык жана лабораториялык сабактарды өткөрүү үчүн шарттар камсыз болгон 3 лекциялык зал, 4 мультимедиялык окуу залы, 6 окуу лабораториясы, 1 гербарий фонду кызмат кылат. Ботаника боюнча окуу-талаа практикаларын учурдун талабына шайкеш уюштуруу максатында Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттук жаратылыш парктары, мамлекеттик коруктар менен келишимдер түзүлгөн. Предметтерди өздөштүрүүдө жергиликтүү материалдарды пайдаланууга көп көңүл бурулат. ПЦКнын мүчөлөрү окутуунун модулдук системасына толук өтүшкөн. ПЦКнын окутуучулары тарабынан бир нече окуу китептери жана окуу усулдук колдонмолор иштелип чыгарылган. Окутуучулар өздөрүн теориялык окуу усулдук чеберчилигин өркүндөтүү үчүн түрдүү билимин өркүндөтүүчү курстарга катышып, сертификаттарга ээ болушкан. ПЦКда өз ара сабактарга катышуу аны талкуулоо кеңири практикаланат.

«ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКнын ОКУУ-УСУЛДУК КЕҢЕШИНИН ИШ ПЛАНЫ

ПЦКнын окуу-усулдук кеңешинин иш планы:

ПЦКдагы окутуучулардын ачык сабактарынын графиги:

ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫ

Окуу-талаа практикасы ПЦКдагы “Ботаника” предметин өздөштүрүүнүн негизги формасы болуп саналат жана ал үчүн жетишээрлик сандагы сааттар бөлүнгөн. Окуу-талаа практикасы жылдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өткөрүлөт, анда студенттер теориялык жактан алган билимдерди бекемдейт, ал эми окуутуучулар илимий изилдөө иштери үчүн материалдарды да топтошот. Окуу-талаа практикасын өткөрүү үчүн “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркы жана “Кара-Кой” мамлекеттик коругу менен келишимдер түзүлгөн. Окуу-талаа практикасы студенттер үчүн “Ботаника” предметинин эң негизги жана кызыктуу бөлүгү болуп саналат. Практика учурунда студенттер окуу менен биргеле бир нече акцияларды, иш-чараларды жүргүзүшөт (Тазалыкты сактоо, Жаратылышты коргоо).

«ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКнын ОКУТУУЧУЛАРЫ САБАК УЧУРУНДА