Физика, математика циклы

Кафедранын тарыхы

2006-2007-окуу жылында  ОшМУнун  Окумуштуулар Кеңешинин 2007-жылдын 2-февралындагы  №6-протоколунун чечими жана ректордун      2007-жылдын 13-февралындагы №40-буйругунун негизинде  «Жалпы билим берүү дисциплиналар» циклы түзүлгөн. Циклдын  курамына 15 адам кабыл алынып, толук иштей баштаган.  Цикл башчы болуп  улук окутуучу Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна дайындалган.

2007-2008-окуу жылында кафедрада 27 адам эмгектенген. Кафедранын окуу-усулдук иштери эки багытта жүргүзүлгөн: табигый илимдер секциясы жана гуманитардык илимдер секциясы. Табигый илимдер секциясынын жетекчиси окутуучу Камбар кызы Жыпара жана гуманитардык илимдер секциясынын жетекчиси улук окутуучу Чыналиева Мубарак эмгектенген.

2009-жылы цикл кафедра деп аталып, кафедрада 12 адам эмгектенген жана кафедраны улук окутуучу Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна жетектей баштаган.

2010-2011-окуу жылында кафедра экиге бөлүнгөн: Жалпы билим берүүчү дисциплиналардын гуманитардык илимдер кафедрасы жана жалпы билим берүүчү дисциплиналардын табигый илимдер кафедрасы. ЖББД табигый илимдер кафедрасынын башчысы болуп Калдыбаева Гүлжамал дайындалган. Кафедрада 14-окутуучу, 1 көмөкчү персонал эмгектенген.

2011-2012-окуу жылында  кафедрада  2203- ПОВТАС адистиги ачылып, алгачкы 40 студентин кабыл алган.

2012-2013-окуу жылында  кафедрада 19 окутуучу, 1көмөкчү персонал эмгектенген. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын саны 21 адамга өсүп жеткен. Бул көрсөткүч кафедранын өсүп-өнүгүүсүнүн белгиси катары саналган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын №270 «Термосерпилгичтиктин бир ченемдүү түз жана тескери маселесин чыгаруунун алгоритми жана программасы» ЭЭМ үчүн программанын сертификаты, 08-май 2013-жыл. Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна патентке ээ болгон.

2013-2014-окуу жылынын 6-февралында №37-буйруктун негизинде “Жалпы билим берүү дисциплиналарынын  табигый илимдер” кафедрасы  “Физика, математика жана информациялык технологиялар” жана “Жалпы билим берүү дисциплиналарынын табият таануу ”  кафедрасы болуп экиге бөлүнгөн. ЖББД табият таануу кафедрасынын башчысы болуп Садыкова Гулмира, Физика, математика жана информациялык технологиялар кафедрасынын башчысы болуп Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна болуп дайындалган.

2017-2018-окуу жылында Физика, математика жана информациялык технологиялар  кафедрасында 14 окутуучу, 2 көмөкчү персонал эмгектенген.

2018-2019-окуу жылында ОшМУнун 18-сенятбрь күнү болуп өткөн Административдик кеңешинин чечими менен, №893-буйруктун негизинде ПОВТАС адистиги Индустриалык-педагогикалык колледжинин курамына кошулуп, кафедранын аталышы Физика, математика жана информатика болуп өзгөртүлүп, колледждин студенттерине татыктуу билим берип келүүдө. Кафедрада 2 доцент, 2 улук окутуучу, 4 окутуучу жана 1 көмөкчү персонал эмгектенишкен.

  ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү боюнча 2020-жылдын 10-сентябрындагы №24 буйругунун негизинде кафедра физика, математика циклы деп аталып, учурда циклда 25 адам эмгектенет, анын ичинен 1 ф-м.и.к., доцент, 23 окутуучу, жана 1 көмөкчү персонал эмгектенишет жана циклды доцент Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна жетектейт..