АТА МЕКЕНДИ КОРГОО ЫЙЫК МИЛДЕТ
226-жылдын 27-февраль күнү ОшМУнун медициналык колледжинин орус тили окутуучусу Акматова Дилбар Сарыбаевна жана ОшМУнун ИПКнин орус тили окутуучусу Досматова Джамиля Нишановна Ата мекенди коргоо күнүнө карата ардагерлер менен жолугушуу өткөрүштү. Иш чарага чек ара кызматынын, Афганистан согушунун ардагерлери келип өздөрүнүн басып өткөн жолу тууралуу маалымат беришти. Иш чарага ЛД11-5-25 жана СД11-7-25 агымдарынын студенттери Ата-Мекен жөнүндө ырларды ырдап, айтып беришти.
Жаз деми – НООРУЗ майрамы
2026-жыл 23-март күнү Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин Табият таануу жана так илимдер ПЦКсы тарабынан уюштурулган “Жаз деми – НООРУЗ майрамы” аттуу кече жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырды. Бул иш-чара улуттук каада-салттарды даңазалап, Нооруз майрамынын терең маанисин ачып берген мазмундуу жана таасирдүү кече болду. Кеченин жүрүшүндө студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүп, улуттук ыр-бийлерди аткарып, сахналык көрүнүштөр аркылуу элибиздин бай маданиятын чагылдырышты. Ар бир номер өзгөчө даярдык менен аткарылып, катышуучулардын чыгармачылыгы жана ынтымагы айкын байкалды. Айрыкча, уюштуруучулардын тыкан эмгеги, жоопкерчилиги жана чыгармачылык мамилеси кечени өзгөчө көрккө бөлөдү. Мындай иш-чаралар жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, улуттук баалуулуктарга болгон сүйүүсүн арттырып, биримдикти бекемдейт. “Жаз деми – НООРУЗ майрамы” кечеси ар бир катышуучунун жүрөгүндө жылуулук калтырып, жаздын жаңылануусундай жаңы дем, жаңы үмүт тартуулады.
КУДАЙДЫН КУЛАГЫ СҮЙҮНСҮН
2025-жылдын 18-декабрь күнү ОшМУнун медициналык коллдеджинин фармация адистигинин 3-6-агымдын студенттери менен бирге кураторлор Ж.Ш.Бегматова, Н.А.Мурзакулова Ош шаарынын мэриясына караштуу социалдык "Боорукердик” мекемесиндеги карыялар жана балдар үйүнө барып, аларга жакындан колдоо көрсөтүп, балдарга жана карыяларга жаңы жылдык белектерди беришип, алар үчүн атайын оюн зоокторду уюштурушуп жылуу сезим тартуулап келишти. Ошодой эле ошол эле мекемеде жайгашкан “Кризистик“ борбордогу жашоочуларга да барып арналган белектерди берип, жакшы маанай тартуулоо менен бирге аларга жакындан жардам берүүнү ар дайым колго алаарын максат кылып кайтышты.
«ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКдагы ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРДИН ПЛАНЫ
2025-2026-окуу жылы үчүн түзүлгөн тарбиялык иштердин планы:
ПЦКдагы КООМДУК ЖАНА ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР
ПЦКнын тарбиялык иштери боюнча түзүлгөн планы жана кураторлордун иш планы ПЦКнын кенешмесинде талкууланып бекитилген. ПЦКнын курамында 11 куратор өзүнө бөлүнгөн агымдар менен активдүү иш алып барышат. Иш планда белгиленген иш-чаралар боюнча жолугушууларды уюштуруп турушат (ветерандар, врач- гинекологдор, ууз чебер энелер ж.б.).
Ошондой эле студенттер менен биргеликте ишембиликтерге катышат. Мындан сырткары колледж, университеттин денгээлинде уюштурулган коомдук, маданий, спорттук иш-чараларга үзгүлтүксүз катышат.












