ТЕОРИЯЛЫК БИЛИМ ПРАКТИКАДА КӨРҮНӨТ
2025-жылдын 9-апрель күнү "Табият таануу жана так илимдер" ПЦКсынын башчысы х.и.к. М.О.Сатиев жана окутуучу Г.Умурзакова фармация адистигинин 1-курсунун студенттери менен "Аналитикалык химия" предметинен, теориялык алган билимдерин практика жүзүндө бышыктоо үчүн, ОШ СУУ КАНАЛ ИШКАНАсына суунун шардуулугун комплексонометрия жана курамындагы Се хлорид иондорун седиметрия методдору менен аныктоону көрүп, таанышып жана үйрөнүп кайтышты.

ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫ
Окуу-талаа практикасы ПЦКдагы “Ботаника” предметин өздөштүрүүнүн негизги формасы болуп саналат жана ал үчүн жетишээрлик сандагы сааттар бөлүнгөн. Окуу-талаа практикасы жылдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өткөрүлөт, анда студенттер теориялык жактан алган билимдерди бекемдейт, ал эми окуутуучулар илимий изилдөө иштери үчүн материалдарды да топтошот. Окуу-талаа практикасын өткөрүү үчүн “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркы жана “Кара-Кой” мамлекеттик коругу менен келишимдер түзүлгөн. Окуу-талаа практикасы студенттер үчүн “Ботаника” предметинин эң негизги жана кызыктуу бөлүгү болуп саналат. Практика учурунда студенттер окуу менен биргеле бир нече акцияларды, иш-чараларды жүргүзүшөт (Тазалыкты сактоо, Жаратылышты коргоо).
