Кафедра тууралуу

Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультети 2015-жылдын 29-августундагы №1 жыйынында Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен №1263 буйругунун негизинде ачылган.

Факультеттин фундаменталдык-теориялык дисциплиналар кафедрасынын курамынан 2017-жылы социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы (2017-жылдын 6-июлу, №8 протокол) түзүлгөн. 2017-жылдын 25-августунда кафедра башчысынын милдетин аткаруучу кызматына философия илимдеринин кандидаты, доцент Ысмаилова Райкан Апжапаровна дайындалып, ал эми 2018-жылдын июль айынан тартып конкурстук шайлоонун негизинде кафедра башчысы болуп шайланган. Кафедра башчысы, доцент Р. Ысмаилова профессор-окутуучулук курамдын түзүлүүсүнө, материалдык-техникалык базанын калыптануусуна, студенттерге билим жана тарбия берүүнү жолго салууда жана кафедранын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон.

2024–2025-окуу жылында кафедраны убактылуу милдетин аткаруучу жетекчи болуп Орунбаева Гүлкайыр Жолоновна иш алып барат. Анын жетекчилиги астында кафедранын ишмердүүлүгү үзгүлтүксүз улантылып, билим берүү жана тарбиялык иштер жакшы жүргүзүлгөн.

Учурда кафедраны филология илимдеринин доктору, доцент Амиралиев Семетей Манасович жетектейт. Ал лингвокультурология, когнитивдик жана этнолингвистика багыттарындагы бир канча илимий эмгектердин автору болуп саналат. Бир катар эл аралык долбоорлорго жана илимий иштерге активдүү катышып келет.