Кафедранын тарыхы

                                                                        Кафедранын тарыхы

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультети 2015-жылдын 29-августундагы №1 жыйынында Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен №1263 буйругунун негизинде ачылган.

Факультеттин фундаменталдык-теориялык дисциплиналар кафедрасынын курамынан 2017-жылы социалдык- гуманитардык дисциплиналар кафедрасы (2017-жылдын 6-июлу, №8 протокол) түзүлгөн. 2017-жылдын 25-августунда (№725 буйрук) кафедра башчысынын милдетин аткаруучу кызматына философия илимдеринин кандидаты, доцент Ысмаилова Райкан Абжапаровна дайындалып, ал эми 2018-жылдын июль айынан тартып конкурстук шайлоонун негизинде кафедра башчысы болуп шайланган.

Кафедранын окутуучулары ОшМУнун миссиясынын негизинде студенттерге адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды берүү менен эмгектенишет. Кафедра башчысы, доцент Р. Ысмаилова профессор-окутуучулук курамдын түзүлүүсүнө, материалдык-техникалык базанын калыптануусуна, студенттерге билим жана тарбия берүүнү жолго салууда өзүнүн талыкпас эмгеги менен кафедранын түптөлүшүнө зор салымын кошуп келе жатат. Учурда кафедрада жогорку билимдүү 25 профессор-окутуучулук курамы иштейт. Алардын ичинен 4 илимдин кандидаты, 10 улук окутуучу, 8 окутуучу, 2 аспирант, 1 лаборант эмгектенет.

Кафедранын ишмердүүлүгү төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:

Окуу-усулдук иштери (усулдук бирикменин жетекчиси ф.и.к., доцент Орунбаева Г.);

Илимий изилдөө иштери ( илимий изилдөө иштери боюнча жооптуу окутуучу Аскаров Ү);

Тарбиялык иштери (тарбия иштери боюнча жооптуу окутуучу Т. Иманкулова);

Куратордук иштери (куратордук жетекчи окутуучу Джеенбаева К.

ОшМУнун усулдук кеңешинин негизинде 2022-2023-окуу жылына түзүлгөн планы менен иш алып барылат. Учурда 4 секциянын окутуучулары (кыргыз тили, орус тили, латын тили, философия) чет элдик студенттердин билим сапатын көтөрүүгө багытталган иш-аракеттерди жүргүзүлүүдө. Кафедранын илимий темасынын алкагында окуу-усулдук колдонмолор, макалалар, илимий докладдар басмадан чыгарылып, колдонулуп келе жатат.

Кафедранын тарбиялык иштери ОшМУнун ректору тарабынан бекитилген тарбия иштеринин планынын концепциясынын негизинде жүргүзүлөт. Медик адистердин инсандык профессионалдык сапаттарынын өөрчүшүнө өзгөчө маанин берилет.

СГД кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын жетекчилиги менен факультеттин студенттери университеттин жана республиканын деңгээлиндеги окуу-усулдук, илимий, коомдук-тарбиялык түрдүү иш-чараларга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келе жатат. (Сүрөт) Кафедранын метериалдык-техникалык базасы заманбап үлгүдөгү 16 окуу каана (2 лингафондук, 1 компьютердик класс, 2 лекция залы) керектүү жабдыктар менен камсыз кылынган.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун – Малайя (Малайзия), КММА (Бишкек), АзМИ (Бишкек), Манас-Түрк (Бишкек), ЭМЖМ (Бишкек), ЖАМУ (Жалал-Абад) университеттеринин ортосунда тыгыз кызматташтык түзүлгөн.