Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультети 2015-жылдын 29-августундагы №1 жыйынында Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен №1263 буйругунун негизинде ачылган.
Факультеттин фундаменталдык-теориялык дисциплиналар кафедрасынын курамынан 2017-жылы социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы (2017-жылдын 6-июлу, №8 протокол) түзүлгөн. 2017-жылдын 25-августунда кафедра башчысынын милдетин аткаруучу кызматына философия илимдеринин кандидаты, доцент Ысмаилова Райкан Апжапаровна дайындалып, ал эми 2018-жылдын июль айынан тартып конкурстук шайлоонун негизинде кафедра башчысы болуп шайланган. Кафедра башчысы, доцент Р.Ысмаилова профессор-окутуучулук курамдын түзүлүүсүнө, материалдык-техникалык базанын калыптануусуна, студенттерге билим жана тарбия берүүнү жолго салууда жана кафедранын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон.
2024–2025-окуу жылында кафедраны убактылуу милдетин аткаруучу жетекчи болуп Орунбаева Гүлкайыр Жолоновна иш алып барат. Анын жетекчилиги астында кафедранын ишмердүүлүгү үзгүлтүксүз улантылып, билим берүү жана тарбиялык иштер жакшы жүргүзүлгөн.
Учурда кафедраны филология илимдеринин доктору, доцент Амиралиев Семетей Манасович жетектейт. Ал лингвокультурология, когнитивдик жана этнолингвистика багыттарындагы бир канча илимий эмгектердин автору болуп саналат. Бир катар эл аралык долбоорлорго жана илимий иштерге активдүү катышып келет.
Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы Ош мамлекеттик университетинин миссиясына ылайык студенттерге сапаттуу билим берүү менен катар адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды калыптандыруу багытында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы
Кафедрада жогорку билимдүү 18 окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен:
-
1 илимдин доктору
-
5 илимдин кандидаты
-
7 улук окутуучу
-
8 окутуучу
-
3 аспирант
-
2 лаборант бар.
Кафедранын ишмердүүлүгү төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
-
окуу-усулдук иштери (усулдук бирикменин жетекчиси улук окутуучу Маматова А.);
-
илимий-изилдөө иштери ( илимий-изилдөө иштери боюнча жооптуу окутуучу ф.и.к., доцент Орунбаева Г.);
-
тарбиялык иштери (тарбия иштери боюнча жооптуу окутуучу Т. Иманкулова);
-
куратордук иштери (куратордук жетекчи окутуучу Т. Иманкулова)
Бул жамаат студенттерге сапаттуу билим берип гана тим болбостон, алардын илимий-изилдөө жана адептик-тарбиялык иштерине багыт берүү менен ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүдө. ОшМУнун усулдук кеңеши тарабынан бекитилген пландын негизинде кафедранын бардык ишмердүүлүгү системалуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.
Окуу, тарбиялык жана илимий иштер
ОшМУнун усулдук кеңешинин негизинде 2025-2026-окуу жылына түзүлгөн планы менен иш алып барылат. Учурда 4 секциянын окутуучулары тарабынан (кыргыз тили, орус тили, латын тили, тарых) чет элдик студенттердин билим сапатын көтөрүүгө багытталган иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Кафедранын илимий темасынын алкагында окуу-усулдук колдонмолор, макалалар жана илимий докладдар даярдалып, ар кандай илимий басылмаларда жарыяланып келет.
Кафедранын окутуучулары ОшМУнун миссиясынын негизинде студенттерге адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды берүү менен эмгектенишет. Кафедранын тарбиялык иштери ОшМУнун ректору тарабынан бекитилген тарбия иштеринин планынын концепциясынын негизинде жүргүзүлөт. Медик адистердин инсандык профессионалдык сапаттарынын өрчүшүнө өзгөчө маанин берилет.
СГД кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын жетекчилиги менен факультеттин студенттери университеттин жана республиканын деңгээлиндеги окуу-усулдук, илимий, коомдук-тарбиялык багытындагы түрдүү иш-чараларга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келе жатат. (Сүрөт) Кафедранын метериалдык-техникалык базасы заманбап үлгүдөгү 16 окуу каана (2 лингафондук, 1 компьютердик класс, 2 лекция залы) керектүү жабдыктар менен камсыз кылынган.
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун – Малайя (Малайзия), КММА (Бишкек), АзМИ (Бишкек), Манас-Түрк (Бишкек), ЭМЖМ (Бишкек), ЖАМУ (Жалал-Абад) университеттеринин ортосунда тыгыз кызматташтык түзүлгөн.











