ПЦКнын курамы

«ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКнын ТАРЫХЫ

ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2009-жылдын 9-сентябрындагы №450 буйругуна ылайык чечимдин негизинде «Табият таануу жана так илимдер кафедрасы» уюшулган жана аны ага окутуучу, х.и.к. С.А.Раев жетектеген.

Өндүрүштүк зарылчылыктарга байланыштуу ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы №1-жыйынынын чечиминин негизинде «Табият таануу жана так илимдер» кафедрасынан бөлүнүп чыгып, «Табият таануу дисциплиналар» кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн жана анын кафедра башчысы болуп х.и.к., доц. м.а. Гаффорова Хилола Икрамовна дайындалган.

2014-жылдын 1-сентябрында «Табият таануу жана так илимдер» кафедрасы болуп кайрадан калыбына келтирилген жана кафедра башчылыгына п.и.к., доц. Турганбаева Райхан Жанибековна дайындалган. Ал эми 2017-жылдын 1-сентябрынан баштап кафедра башчылык кызматка б.и.к., доц. м.а. Аргынбаева Акмарал Турдалыевна бекитилип, кафедраны жетектеген.

2018-жылдын 21-ноябрынан баштап 2021-жылдын июль айына чейин кафедранга ага окутуучу Сатиев Мирланбек Орозалиевич башчылык кылган.

2020-2021-окуу жылында университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен коллеждердеги кафедралар Предметтик циклдер комиссиясы (ПЦК) болуп өзгөртүлгөн.

2021-жылдын сентябрь айынан баштап 2023-жылдын сентябрь айына чейин б.и.к., доцент Аттокуров Курсантбек Шарабидинович ПЦК төрагасы болуп иштеди.

Ал эми 2023-жылдын сентябрь айынан 2026-жылдын 4-февралына чейин предметтик циклдык комиссиясыны х.и.к., окутуучу Сатиев Мирланбек Орозалиевич жетектеп келди.

Азыркы учурда табият таануу жана так илимдер ПЦКны 2026-жылдын 11-февраль (№665-ФХД/26 11.02.2026) айынан тартып Шооруков Асылбек Абдибахапович жетектеп келет.

Бүгүнкү күнү ПЦКда аналитикалык химия, органикалык химия, органикалык эмес химия, ботаника, ИОПД, экологиянын негиздери, медициналык экологиялык коопсуздук, Кыргызстандын дары өсүмдүктөрү, кыргыз тили, Манас таануу, орус тили, англис тили жана латын тили предметтери окутулат.

ПЦКда 4 илимдин кандидаты, 28 окутуучу жана 1 лаборант эмгектенет.

2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН БЕКИТИЛГЕН ШТАТТЫК ЖАДЫБАЛЫ БОЮНЧА ОКУТУУЧУЛАРДЫН КУРАМЫ

«ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКнын ИШ ПЛАНЫ

ПЦКнын иш планы:

ПЦКнын отурумунун планы: