ИСТОРИЯ КАФЕДРЫ

“Фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы” кафедрасынын тарыхы.

ОшМУнун административдик кеңешинин 2016-жылдын 5-сентябрдан №2 жыйынынын токтомунун негизинде (буйрук №660, 6-сентябрь 2016-жыл). Медицина факультетинин Биохимия, патофизиология жана фармакология кафедрасы эки кафедрага бөлүндү . Жалпы клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасы жана Раззаков Азиз Көкөевичтин жетекчилигинде Базистик жана клиникалык фармакология курсу менен фармацевтикалык дисциплиналар кафедрасы болуп.

Студенттердин контенгенти көбөйгөндүгүнө байланыштуу Базистик жана клиникалык фармакология курсу менен фармацевтикалык дисциплиналар кафедрасы экиге бөлүнүп, биринчи кафедра өзгөртүүсүз калтырылып, экинчи кафедра Фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы кафедрасы 2018-жылдын 30-октябрынын ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин №2 отурумунун чечиминин негизинде (буйрук №1285, 25-октябрь 2018-жыл) уюштурулду.

Бул кафедра төмөндөгү дисциплиналарды камтыйт: фармацевтикалык химия, дары каражаттар технологиясы, стандартизациялоо жана дарыларга сандык сапаттык анализ жүргүзүү, биофармация, дары каражаттарынын заманбап технологиялары ,токсикологиялык химия, биотехнология, органикалык химия, аналитикалык химия, физколлоиддик химия, фитопрепараттарды стандартизациялоо, дары каражаттарынын анализи жана башка Фармация адистигине байланыштуу дисциплиналар.

Кафедранын курамы 2018-жылдын 30-октябрындагы жыйынында каралып №1 протоколу менен бекитилген . Кафедра курамы түзүлгөндөн баштап химия илимдеринин кандидаты,доцент Боронова З.С. кафедра башчы кызматын жетектеп келет. Кафедрада 18 штаттык, 11 кошумча окутуучу жана 3 көмөкчү кызматкерлер эмгектенүүдө жана 2 фармацевтикалык илимдеринин доктору , 1 химия илимдеринин доктору , 6 химия илимдеринин кандидататы, 1 биология илимдеринин кандидаты, 21 окутуучу.