История кафедры.
«Фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы» кафедрасынын тарыхы ОшМУнун административдик кенешинин 2016-жылдын 5-сентябрдан №2 жыйынынын токтомунун негизинде (буйрук № 660 ,6-сентябрь 2016жыл). Медицина факультетинин «Биохимия, патофизиология жана фармакология» кафедрасы эки кафедрага бөлүндү – «Жалпы клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасы жана Раззаков Азиз Көкөевичтин жетекчилигинде «Базистик жана клиникалык фармакология курсу менен фармацевтикалык дисциплиналар» кафедрасы болуп. Студенттердин контенгенти көбөйгөндүгүнө байланыштуу «Базистик жана клиникалык фармакология курсу менен фармацевтикалык дисциплиналар» кафедрасы экиге бөлүнүп, биринчи кафедра өзгөртүүсүз калтырылып, экинчи кафедра- «Фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы» кафедрасы 2018-жылдын 30-октябрынын ОШМУнун окумуштуулар кеңешинин №2 отурумунун чечиминин негизинде (буйрук № 1285, 25-октябрь 2018-жыл) уюштурулду. Бул кафедра төмөндөгү дисциплиналарды камтыйт: фармацевтикалык химия, дары каражаттар технологиясы, стандартизациялоо жана дарыларга сандык сапаттык анализ жүргүзүү , биофармация, табигый бирикмелер химиясы, дары каражаттарынын заманбап технологиялары, соттук химия, токсикологиялык химия, биотехнология, органикалык химия, аналитикалык химия, физколлоиддик химия, анализдин физикалык химиялык усулдары, алкалоиддер, фитопрепараттарды стандартизациялоо, дары каражаттарынын анализи жана башка «Фармация» адистигине байланыштуу дисциплиналар. 2018 жылдан бери химия илимдеринин кандидаты, доцент Боронова З.С. кафедра башчынын милдетин аткарып келет. Кафедрада 8 штаттык, 7-кошумча мугалим жана 2 көмөкчү кызматкерлери эмгектенүүдө. Кафедранын курамы 2018-жылдын 30-октябрындагы жыйынында каралып, №1 протоколу менен бекитилген. Кафедрада химия илимдеринин доктору-1, биология илимдеринин кандидаты-1, химия илимдеринин кандидаты-3, технологиялык илимдеринин кандидаты-1, окутуучу-9 жана лаборант-2. Пофессордук окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчү 50% түзөт. .